Ошто жактоочу Назгүл Сүйүнбаевага кол салуу болду

DSC_1140

Бүгүн Ош шаарында жактоочу, укук коргоочу Назгүл Сүйүнбаевага оперативдик кызматкерлер күч колдонуп, ал коргоп жаткан Эрнист Казаковду белгисиз тарапка алып кетишкен.

Окуя Ош шаарындагы Кылмыш-жаза аткаруу мекемесинин жанында болгон. Сааркы саат 8де жактоочу Назгүл Сүйүнбаева ал укугун коргоп жаткан Эрнист Казаковду жаза аткаруу мекемесинен каттоодон өткөрүү үчүн барышкан.

Оперкызматкерлер укук коргоочунун манжаларын канатып, колунан ачкычын тартып алышкан
Оперкызматкерлер укук коргоочунун манжаларын канатып, колунан ачкычын тартып алышкан

“Биз жетекчини 15 мүнөттөй күтүп  калдык. Ошол убакта эки машина толо оперативдик кызматкерлер келип, менин машинамы ачууну талап кылышты. Мен  алардан тинтүүгө  жана Эрнист Казаковду кармоого санкция сурадым. Бирок, санкция жок экен. Бир кызматкер аркамдан келип колумду кармап, экинчиси машиненин ачкычын колумдан жулуп алды. Манжаларымды тытып, канатып жиберишти. Колумду кайрып, ачкычты алып, машинедеги Эрнист Казаковду белгисиз  тарапка алып кетишти”,- деди укук коргоочу.

Эрнист Казаков кыйноолордон жана ага бирдеме таштап коюдан кооптонуп, жактоочусунун коштоп жүрүүсүн суранган. Жактоочунун айтымында, буга чейин да укук коргоо кызматкерлери ага бир нече жолу чагымчыл иш-аракеттерди  жасоо аракетин көрүшкөн.

Эрнист Казаков 7 ай мурун Кылмыш кодексинин 129-“зордуктоо” беренеси  менен айыпталып, сотто айыбы далилденген эмес. Бейбаштык боюнча айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөгөн.

“Бул жерде күч колдонуу зарылдыгы жок болчу, айрыкча жактоочуга карата”,- дейт Н.Сүйүнбаева.

Назгүл Сүйүнбаева Ош облустук медициналык  эксперттөө  бюросунан экспертизадан өттү
Назгүл Сүйүнбаева Ош облустук медициналык эксперттөө бюросунан экспертизадан өттү

Кол салгандар Уюшулган  кылмыштуулукка  каршы күрөшүү башкармалыгынын  оперативдик кызматкерлери деп болжонууда.

Уюшулган  кылмыштуулука  каршы күрөшүү башкармалыгынын  жетекчиси  Алмаз  Эргешбаевге телефон чалып, ал шаарда эместигин жана анын бул боюнча маалыматы жок экендигин билдик.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева өзүнө кол салуу боюнча Ош областтык прокуратурага арыз таштады. Прокуратура облустук медициналык  эксперттөө  бюросуна багыттама берип, укук коргоочу  ошол эле жерден экспертизадан өттү. Экспертиза жыйынтыгы эми чыгат.

“Уурдалган”  Эрнист Казаковдун дайыны маалым боло элек.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева