Кыргызстандыктар 30-июнда президент Мухаммед Мурсиге каршы өткөн нааразычылык акцияларына катышкан эмес жана жабыр тартышкан жок. Ал митиннгдердин жыйынтыгында, өлкө башчысы камалган, анда азыр жаңы президенттик шайлоого даярданып жатышат.
Египеттеги Кыргызстандын жарандары президент Мухаммед Мурсинин бийликтен кетишин талап кылган митингдерге катышкан эмес жана жабыр тартышкан жок — бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«КРнын жарандарынын арасында жабыр тарткандар же Египеттеги массалык акцияларга катышкандар жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Министрлик кыргызстандыктарга Египетке баруудан убактылуу кармана туруу кеңешин берүүдө.
Египеттеги нааразычылык акциялары 30-июнда — бийликтен алынган президент Мухаммед Мурсинин ант беришинин бир жылдыгында башталган. Аны өткөн жылдын июнунда өлкө башчысы кылып шайлашкан болчу. Ал президенттикке «Мусулман агайындар» партиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
Ошол эле күнү кечинде Египеттин борбору Каирдеги борбордук Тахрир аянты гана эмес президенттик үйдүн алдындагы жол да кишиге толгон. Ошондой эле бир канча миңдеген адам «Мусулман агайындардын» кеңсесинин жана имиштер боюнча Мурси жайгашкан деп айтылып жаткан президенттин резиденциясынын жанында да митинг өткөрүшкөн.
Демонстранттар президенттин кызматтан кетишин, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү жана Египетти президенттик республикадан парламенттик республикага айлантууну талап кылышкан.
Төрт күндүк тирешүүдөн кийин — 3-июлда — аскерий жетекчилик Мурсини кызматтан кетирип, камакка алды. Бул тууралуу телекайрылууда египеттиктерге өлкөнүн коргоо министри Абдель Фаттах аль-Сиси билдирди.
Жаңы президент шайланганга чейин Египет башчысынын милдеттери Конституциялык соттун башчысы Адли Мансурга берилди, а өлкөнү башкаруу технократиялык өкмөт тарабынан ишке ашып жатат.
Азырынча өлкө башчысын шайлоо күнү белгилене элек.
Автор: Айдай Токоева
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды