Жогорку сот «ата-журтчулардын» ишин 16-июлда карап баштайт

doroga

«Ата-Журт» партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун иши боюнча сот отуруму 16-июлга белгиленди Жогорку сот анда оппозиционерлерге карата чыгарылган актоо өкүмү менен макул болбогон Башкы прокуратуранын арызын карайт.

Отурумдун 16-июлга белгиленгендиги жөнүндө журналисттер менен болгон жолугушуусунда Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев билдирди.

Жогорку сот саясатчыларга карата чыгарылган актоо өкүмү кысымдардын астында чыгарылган деп эсептеп жаткан Башкы прокуратуранын нааразычылыгын карайт.

«Актоо өкүмү соттук коллегия тарабынан, аларга сот залы менен  Бишкек шаардык сотунун жанындагы адамдардын басымы астында чыгарылган. Өкүм чыныгы шарттарга дал келбейт жана кылмыш иши боюнча тергөө органдары тарабынан чогултулган далилдерге каршы келет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бишкек шаардык соту депутаттарга карата 24-июнда өкүм чыгарышы керек болчу, бирок оппозиционерлердин тарапташтары 17-июндагы отурумда судьяга гезит, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, Ташиев, Мамытов жана Жапаровдордун акталышын талап кылышкан.

Анда судья сот жообуна тартылып жаткандардын күнөөсү жок деп тапкан. Алар сот залынан эркиндикке чыгарылышкан.

Судья өз чечимин прокурор тарабынан тагылып жаткан айыптарда кылмыштын курамынын жоктугу менен түшүндүргөн.
Судьялардын өзүлөрү болсо чечим чыгаруу маалында басым болгондугу жөнүндө айтылган маалыматтарды четке кагышкан.

Өкүм чыгарылгандан кийин бир нече күн бою алар жумуш орундарына кире алышкан эмес — алардын бири Курманкул Зулушевдин айтымында, Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанына адамдар топтолушуп, алардын имаратка кирүүсүнө тоскоолдук кылышкан.

«Сокулукта алар менин үй-бүлөмдү коркутушкан, ошондуктан алар үйдө бекинип турушкан. Кошуналарыбыз чогулгандан кийин да алар ошол жакта турушкан. Бирок менин үйүмөн бир аз алысташкан», — деди Зулушев Kloop.kgге берген маегинде.

Бул окуядан кийин судьялар милицияга кайрылышкан.

«Ата-Журттун» лидерлери «күч колдонуп бийликти басып алуу» беренеси боюнча акталып, аларга карата «эл алдында конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыктарын айттуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулган.

«Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын октябрында «Кумтөр» алтын кенинин улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин жүрүшүндө «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталышкан.

Марттын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарын күнөөлүү деп тапкан.

Автор: Зарема Султанбекова