Видео: Жети-Өгүздүктөр Садыр Жапаровду «кууп жиберишти»

 «Булбул» сервисинде «Жети-Өгүздүн эли Садыр Жапаровду кууп жиберди» деген аталыштагы видео пайда болду. Анда депутаттан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг боюнча пикирин сурап жаткандыктары көрүнөт, бирок андан кийин башаламандык пайда болот да парламентарий шашкан бойдон кетип калат.

http://www.youtube.com/watch?v=9eqrKyBhPuA

vasek_312 деген ысым менен катталган колдонуучу видеону «Булбул» сервисине 6-июлда жайгаштырган.

Видеодо Жапаровго «Кумтөр» кенин улутташтыруу талабы козголгон митинг жөнүндө суроо берилип, ал жооп берип баштаганда анын айланасына чогулган элдин арасында башаламандык башталгандыгы көрүнөт.

“Эй, Садыр, бери карасаң! Сен Акаевдин учурунда да жүрдүң, Бакиевдин учурунда да жүрдүң. [...] Ошол учурда бул эмнеге колуңан келген жок? Азыр анын бардыгын чукуп чыгып эмнеге келдиң бул жакка?», — деп кыйкырат эл арасынан бир киши.

Андан соң анда чогулгандар талашып-тартыша башташат — алардын кээ бирлери парламенарийдин жооп берүүсүнө мүмкүндүк берүүлөрүн өтүнүшкөн.

Оператор башталган ызы-чууну тартыш үчүн башка жакка бурулуп кетет. Жапаров болсо андан кийин кадрда көрүнбөй калат.

Ал тасманын аягында: «Эл бузарлар жоголсун!» деген жазуу жазылган.

Садыр Жапаров жакында эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошоп чыккан — өткөн жылдын октябрында ал пикирлештери — оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор менен бирге «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен Бишкекте миңдеген кишилер катышкан митинг өткөргөн.

Митингден кийин депутаттарды бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп айыпташкан, бирок июнь айынын ортосунда Бишкек шаардык соту оппозиционерлерди актап чыккан.

Kloop.kg Жапаров менен байланыша алган жок.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району июндун башында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн масштабдуу митингдердин борборуна айланган .

Митинг катышуучулары бир нече күн бою кенге бара турган жалгыз унаа жолун тосушуп, аны камакта кармап турушкан. Ошондой эле алар кенди эки жолу электр кубатысыз калтырышкан..

Митинг анын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууга алып келген. Жыйынтыгында, 1-июнда медициналык жардам сурап 63 киши кайрылган, алардын 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 45и жарандык адамдар болушкан. Каза болгондор болгон эмес.

Ысык-Көл облусундагы абал митинг катышуучулары менен Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жолугуп, облустун экономикалык-социалдык өнүгүүсү боюнча айтылган талаптарды аткаруу убадасын бергенден кийин турукташкан.

Автор: Зарема Султанбекова