Жеке компания 27,6 млн сомго “Айчүрөк” борбордук дүкөнүнүн 47% акциясын сатып алды

TSUM-Zum-Shopping-Center

 «Башкы универсал дүкөнү» компаниясы «Айчүрөк» борбордук дүкөнүнүн акцияларынын 47,3 пайызын 27,6 миллион сомго сатып алдыбул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүнө ылайык, «Башкы универсал дүкөнү» ЖЧКсы акциялардын 42,97 пайызын 2-июль күнү 25,1 миллион сомго сатып алган.

Компания анын эртеси соода борборунун дагы 4,4 пайыз акциясы үчүн кошумча 2,5 миллион сом төлөгөн.

Kloop.kgге Фондулук биржанын соода жана листинг департаментинен «Башкы универсал дүкөнү» ЖЧКсы кайсы өлкөдөн экендигин билбей тургандыктарын айтышты.

«Тазабек» маалымат агенттиги компания каржы ортомчулугу менен алектене тургандыгын жана анын жетекчилиги жана түзүүчүлөрү Мадина Итикова, Жазгүл Кудашова жана Каракат Бармаковалар экенин билдирүүдө.

Kloop.kg алар менен байланыша алган жок.

Жалпысынан, «Айчүрөк» борбордук универсал дүкөнүнүн акциясынын 684 ээси бар.

Соода борборунун иштеп баштаганына 50 жылдан ашты — совет бийлиги маалында ал мамлекеттин карамагында болгон. 1991-жылдан баштап компания акционерлердин колуна өткөн.

Алгач, Борбордук универсал дүкөнү Дзержинский гүлбагында орун алган, бирок 1974-жылы учурда жайгашкан орду Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине көчүрүлгөн.

Компаниянын билдирүүсү боюнча, соода борборуна күн сайын 20 миңдей киши келет.

Автор: Зарема Султанбекова