Токмокто кытай мунай иштетүү заводуна каршы митинг өттү

Polnoe-krannaya-zapis-18.07.2012-202438

Токмок шаарынын мэриясы шаарда мунай базасынын курулушуна каршы өткөн митинг аяктагандыгын жана ал жерде атайын түзүлгөн комиссия иштеп жаткандыгын билдирүүдө. Буга чейин «Азаттык» радиосунун сайты эки жүздөй нааразы адам мунай иштетүү ишканасынын курулушуна каршы чыккандыктарын жазган.

Токмоктун мэриясы нааразы болгон шаардыктардын мунай базасы менен мунай иштетүү заводунун курулушуна каршы өткөргөн митинги аяктагандыгын билдирди.

«Учурда ал жакта комиссия иштеп жатат, эч кандай митинг жок», — деп билдиришти мекемеден kloop.kgге.

Буга чейин «Азаттык» Токмокто 200дөй киши митингге чыккандыгын жазган. Уюштуруучулардын айтымдарында, шаардагы нааразычылыктын чыгышына мунай базасы менен мунай иштетүү заводунун санитардык-экологиялык талаптарды сактабай курлуп жаткандыгы себеп болгон.

Токмокко мунай иштетүү заводун курууну кытайлык инвесторлор пландап жатышат. Заводдун жылына 500 миң тонна чийки мунай иштеп чыгаары күтүлүүдө.

Токмоктогу завод Кыргызстандын аймагындагы кытайлыктардын үчүнчү мунай иштетүүчү ишканасы болот — бирөө учурда Чүй облусунун Орловка айылында иштеп жатат, экинчиси Кара-Балтада курулууда.

Алардын ар биринин айланасында мезгил-мезгили менен жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктары чыгып турат. Өткөн жылдын октябрь айынын аягында кытайлыктарга тиешелүү трактор жергиликтүү жашоочулардын биринин жылкысын сүзүп кеткенден кийин Орловка айылынын жашоочулары заводго каршы митингге чыгышкан.

Кара-Балтада жергиликтүү жашоочулар Джунда» кытай компаниясы алардын мунай сактоочу жайынын айланасындагы санитардык аймакта жайгашкан үйлөрүн сатып алуудан баш тартып жаткандыгын айтып, нааразычылыктарын билдирип келишет.

Автор: Хлоя Гейне