Кыргызстан курамасынын балбандары Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк универсиаданын алгачкы күнү эле эки алтын медалга ээ болушту. Дагы эки балбан Кыргызстан үчүн коло медалдарды жеңишти.
Кыргыз балбандары Нурбек Кожобеков менен Нурбек Акановдор бел боо күрөшү боюнча 82 жана 100 килограммдык салмак категориясында эки алтын медалга ээ болушту.
Аканов Казакстан менен Түркмөнстандык балбандарды жеңип финалга чыккан, а финалдык күрөштө Монголия балбаны Анар Дорж менен беттешип жеңишке жетти.
Кожобеков болсо Казакстан менен Гвинеядан барган спортчуларды жеңип финалда күрөшүү укугуна ээ болгон. Финалдык кармашында ал Түрмөнстан балбаны Гылыч Жумаевди утуп Кыргызстанга экинчи алтын медалды алып келди.
Ошондой эле кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча дагы эки коло медаль утушту.
Канымет Барпыбеков 90 килограммга чейинки салмак категориясында Тажикстандын балбанын утту, бирок жарым финалдык бөлүктө түркмөнстандык спортчу Сейди Батыровдон жеңилип, финалга өтө албай калды. Коло медаль үчүн болгон кармашта Барпыбеков Латвия балбанын жеңди.
Бекболсун Кушубаков 100 килограммдан жогорку салмак категориясында Израилден барган балбан менен күрөшүп, жеңишке жетти, а чейрек финалдык беттеште Монголия балбаны Сугаржаргал Болдпуревге утулуп калды. Кушубаков үчүнчү орун үчүн болгон кармашында Армениянын өкүлүн жеңип, коло медалга ээ болду.
Кыргызстан эки алтын жана эки коло медалы менен дүйнөлүк универсиаданын медалдык эсеп таблицасында тогузунчу орунда келе жатат.
Универсиада — бул Эл аралык Университет спорту Федерациясы тарабынан өткөрүлчү студенттер арасындагы эл аралык спорттук мелдештер. Биринчи Универсиада 1905-жылы АКШда өткөн.
Жайкы универсиада Татарстандын борбору Казанда өтүп жатат. Ал 17-июлда аяктайт. Анда жалпысынан 163 өлкөнүн спортчулары спорттун 27 түрү боюнча катышып жатышат.
Авторлор: Айкерим Молдалиева жана Валерий Щербаков
Редактор: Айдай Токоева