Универсиада-2013: Кыргызстандык балбан кыз күрөш боюнча күмүш медалга ээ болду

belt-wrestling-day-two10

Кыргыз спортчулары Казань Универсиадасында өлкөнүн курамасы үчүн бел боо күрөшү боюнча дагы эки медаль алып келишти. Мелдештин эки күндүк жыйынтыгында өлкө капчыгында алты медаль бар.

Нагира Сарбашова күмүш медалды бел боо күрөшү боюнча 76 килограммдан жогорку салмак категориясында жеңип алды. Дагы бир спортчу кызыбыз Бурул Алыкулова спорттун ушул эле түрү боюнча 58 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Сарбашова Монголиянын Дашням Мунгхтуй, Түркмөнстандын Махри Мулкиева, Белоруссиянын — Елизавета Моисеенко деген спортчуларынын үстүнөн жеңишке жетип финалга өткөн. Биринчи орунду орусиялык балбан кыз Татьяна Зярыновага уттуруп койду.

Коло медалды Алыкулова Литва спортчусу Индре Бюблитти жеңгенден кийин алды, күмүш медалды болсо япон Кацуки Сакагамиге алдырып жиберди.

Дүйнөлүк универсиаданын алгачкы күнү, 7-июлда, кыргызстандык спортчулар төрт – эки алтын жана эки коло медаль жеңип алууга жетишишкен.

Кыргыз балбандары Нурбек Кожобеков менен Нурбек Акановдор бел боо күрөшү боюнча 82 жана 100 килограммдык салмак категориясында эки алтын медаль алышкан.

Кыргызстан курамасынын башка балбандары — Канимет Барпыбеков менен Бекболсун Кушубаковдор — 90 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак категориялары боюнча коло медалга ээ болушкан.

Кыргызстан эки алтын, бир күмүш жана эки коло медалы менен дүйнөлүк универсиаданын медалдык эсеп таблицасында тогузунчу орунда келе жатат.

Универсиада — бул Эл аралык Университет спорту Федерациясы тарабынан өткөрүлчү студенттер арасындагы эл аралык спорттук мелдештер. Биринчи Универсиада 1905-жылы АКШда өткөн.

Жайкы универсиада Татарстандын борбору Казанда өтүп жатат. Ал 17-июлда аяктайт. Анда жалпысынан 163 өлкөнүн спортчулары спорттун 27 түрү боюнча катышып жатышат.

Автор: Айдай Токоева

Сүрөт Универсиада-2013түн расмий сайтынан алынды