Башкы прокуратура: Милиция тергөөчүлөрү шектүү адамды өз жанын кыюу аракетине чейин жеткиришкен

IMG_5374-1

Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлери аны түрмөгө камай тургандыктарын айтып коркуткандан кийин өз жанын өзү кыйууга аракет кылган бул тууралуу факт боюнча кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура билдирди. Окуя боюнча милиция комментарий бербей эле.

Башкы прокуратуранын пресс-релизинде Д.Н. деген инициал менен көрсөтүлгөн Бишкектин жашоочусу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү аны түрмөгө камай тургандыктарын айтып, атасы экөөнөн 11 миң сом талап кылгандан кийин өз жанын өзү кыйууга аракет кылгандыгы жазылган.

Уулу асынып өлүүгө аракет кылганда учурунда жетип барган атасы анын өмүрүн сактап калган.

Башкы прокуратура билдиргендей, буга чейин Д. Н. менен анын атасы Свердлов РИИБсинин имаратына жеткирилип, аларга тергөөчүлөр тарабынан коркутуулар айтылган.

Тергөөчүлөр эгер аларга 11 миң сом өлчөмүндөгү акча беришпесе Д.Нди эки айга камай тургандыктарын айтып, коркутушкан, деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

«Акчаны алуу үчүн улук оперативдүү кызматкер ал кишини баласы менен бирге кайрадан үйүнө алып келген. Бирок киши акча берүүдөн баш тарткан. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери баласын камап сала тургандыгын айтып атасын кайрадан коркуткан», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Свердлов РИИБсинен айыпталып жаткан тергөөчүлөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Башкы прокуратуранын Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгы оперативдүү кызматкерлерге карата Кылмыш кодексинин 102-беренеси — «Өзүн өзүн өлтүрүүгө чейин жеткирүү», 305-беренеси — «Кызмат абалын ашыра пайдалануу» жана 313-беренеси —«Пара талап кылуу» боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Д.Н. милиция тарабынан кандай кылмышка шетелгендиги белгисиз.

Автор: Хлоя Гейне