ИИМ министрдин орун басарынын кызматтан четтетилгендиги тууралуу маалыматты төгүндөдү

IMG_5374-1

Кыргызстандын журналисттери ички иштер министринин орун басары Фурхад Үсөнов «курал колдонуу менен бейбаштык кылган» деген айыптоолордон улам убактылуу кызматынан четтетилгендиги жөнүндө пресс-релиз алышкан. ИИМ бул маалыматты четке кагып, Үсөновдун ордунда эле иштеп жаткандыгын билдирүүдө.

Пресс-релизди Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына өзүн Сергей Град деп тааныштырган адам жөнөткөн.

Анда Бишкек шаардык прокуратурасы ички иштер министри Фурхат Үсөновду «курал колдонуп бейбашчылык кылгандыгы» боюнча тергөө аяктаганга чейин кызматынан кетиргендиги жазылган .

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейтжан Апышев Kloop.kgнин кабарчысына аларда Сергей Град деген адам иштебестигин жана прокуратура органдары Үсөновдун кызматтан четтетилгендиги тууралуу пресс-релиз жөнөтпөгөндүктөрүн айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Үсөнов министрдин орун басары бойдон иштеп жаткандыгын жана Граддын атынан жөнөтүлгөн пресс-релиз жасалма экенин билдирди.

Комментарий алуу үчүн Үсөновдун өзү жеткиликсиз болууда.

Министрдин орун басары чындыгында эле «курал колдонуу менен байланышкан бейбашчылык» беренеси боюнча айыпталууда, ага карата белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы аныкталган.

Жасалма пресс-релиздин негизинде түзүлгөн жаңылыктын текстин K-News жана КирТАГ маалымат агенттиктери, ошондой эле «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы басып чыгууга жетишкен.

Бирок кийинчерээк алар ал маалыматты өчүрүп салышты.

Атышуу

2012-жылдын 8-мартынан 9-мартына караган түнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү №64 үйдүн короосунда атышуу болуп жаткандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн.

Башкы прокуратура билдиргендей, анда Фурхад Үсөнов менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурунку ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Д.Амановдун ортосунда чыр чыккан.

«Үсөнов өзүнүн сыйлыкка берилген ТТ үлгүсүндөгү тапанчасынан эки жолу ок чыгарган, биринчи ок «Мерседес-Бенц-230» үлгүсүндөгү унаага тийип анын маңдайкы айнегин тешип кеткен», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Тергөөдө окуя болгон жерге барышкан ИИМдин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен Свердлов райондук бөлүмүнүн милиционерлери анда Үсөновдун мас абалда болгондугун билдиришкен.

Кийинчерээк, 2013-жылдын июнунда прокуратура Үсөнов тергөө органдарына бир нече жолу чакырылгандыгын, бирок ал иш сапарында же дарыланууда болуп келбегендиги тууралуу маалымат тараткан.

«Буга байланыштуу тергөө иш-аракеттерин толук жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат», — деп билдирген Башкы прокуратура.

Үсөнов кандайдыр бир кылмыш кылгандыгын четке кагууда, буга чейин ал анын дарегине айтылып жаткан айыптоолор «кимдир бирөөнүн буйрутмасы» экенин айткан.

24.kg маалымат агенттигине берген маегинде ал тапанча менен кокустан атып алгандыгын билдирди.

«2012-жылдын мартында мындай окуя болгон. Биз тапанчаны көрүп жатканбыз, анан мен анын магазин кутусуна коюлуучу патрондордун рамкасын чыгарып кайрадан октодум, бирок ал жакта ок калып калыптыр да ал кокустан атып жиберди. Башка эч нерсе болгон эмес. Мындай учурлар күн сайын эле болот. Бул жерде эч кандай кылмыш жок. Бир жарым жыл өттү, эч ким жабыр тарткан жок. Ишти эми сууруп чыгып жаткандыктарына караганда бул кимдир бирөөгө керек ойшойт. Мен кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам керек», — деп жазган «24.kg» маалымат агенттиги Үсөновдун айткандарын.

Автор: Зарема Султанбекова