Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши 2014-жылга чейин калтырылууда

541px-Customs_Union_of_Belarus_Kazakhstan_and_Russia_orthographic_projection.svg_

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан Бажы биримдигине быйыл кирбей тургандыгын билдирди. Экономисттер бирдиктүү бажы аймагына кирүүнүн пайдасы боюнча бир пикирде эмес.

Кыргызстан буга чейинки пландарына карабастан Бажы биримдигине кирүү жөнүндөгү макулдашууга быйыл кол койбойт.

Муну 9-июлда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев расмий түрдө ырастады.

Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүү боюнча «Жол картасы» долбоору үстүбүздөгү жылдын аягына чейин иштелип чыгат, а 2014-жылы өкмөт бул кызматташуунун бардык пайдалуу жактары менен кемчиликтерин изилдейт.

Буга чейин экономика министринин орун басары Олег Панкратов «жол картасы» долбоору текшерүү үчүн президентке, өкмөткө жана биримдиктин курамындагы өлкөлөргө 2013-жылдын декабрында бериле тургандыгын айткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси 2010-жылдын кыш айларында, макулдашуу Орусия, Казакстан жана Белоруссия өлкөлөрүнүн ортосунда иштеп баштаганда козголгон.

2011-жылдын жазында ал кезде премьер-министр болуп турган Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү тарабынан Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши тууралуу расмий өтүнүч жөнөтүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын көптөгөн депутаттары, экономисттери жана ишкерлери бирдиктүү бажы мейкиндигине кирүүдө өлкө экономикасына тийе турган терс таасирлер тууралуу билдирип келишкен.

2011-жылы «Ата-Мекендин» депутаттары эл арасында толкундоолор жаралышы мүмкүндүгүн айтып, Бажы биримдигине кирбөөнү сунушташкан.

Экономисттер жумушсуздуктун өсүшү менен жергиликтүү өндүрүштүн кыскаруусунан кооптонушса, ишкерлер чийки заттардын кымбаттап кетишинен чочулашкан.

Экономика тармагы боюнча талдоочу жана Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Азис Абакиров kloop.kgге берген маегинде экономикалык жактан алып караганда Бажы биримдигине кирүү Кыргызстанга эч кандай пайда алып келбестигин айтат.

«Бул Бажы биримдигине кирүү үчүн эң пайдасыз позиция деп эсептейм. Бул жерде түрдүү факторлор көп, бирок биринчи кезекте эгемендүүлүк маселеси турат.[...] бул экономикалык эмес саясий долбоор болушу мүмкүн», — деп болжолдойт экономист.

Бирок башка экономикалык талдоочу Сергей Пономарев өлкөгө «стратегиялык кызыкчылыктары жана маданий, тарыхый жалпылыгы бар өнөктөштөр менен биригүү керек» деп эсептейт.

«Эгер Бажы биримдигине кошулбасак туңгуюкта калабыз. Биздин ички рыногубуз Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр үчүн багытталган эмес. Алар жөн гана тумчугуп, алдан тайып калышат» — деп кошумчалады Пономарев.

Кыргызстандын ишкерлери өлкөнүн Бажы биримдигине кириши менен ага мүчө болбогон өлкөлөр  - биринчи кезекте Кыргызстандын ири соода өнөктөшү болгон Кытай үчүн бажы салыктары жогорулашы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Пономарев Бажы биримдиги менен учурдагы бажы салыктарынын айырмасы анча деле чоң болбойт деп эсептегени менен ишкерлер Кыргызстан Кытайдан келген товарларды Казакстан менен Орусияга кайрадан экспорттоодо түшө турган кирешеден кур калат деп чочулап жатышат.

Автор: Айгерим Кенжебек кызы

Редактор: Айдай Токоева