Орто-Сай: Кыргызстандын жыртылган желеги үч аптадан кийин алмаштырылды

IMG_5374-1

Бишкектин түштүк тарабында орнотулган Кыргызстандын эң чоң желеги үч аптадан ашык убакыт жыртык боюнча илинип турду. Бул мезгилдин аралыгында шаардык бийлик да, өкмөт да алардын желекке эч кандай тиешелери жоктугун билдирип келишкен.

Орто-Сай айылына жакын жайгашкан тоого орнотулган желекти жыйынтыгында өкмөт алмаштырды – бирок буга чейин Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде өкмөттүн басма сөз кызматы менен аппаратынын өкүлдөрү ал желекти алмаштырууга милдеттүү эмес экендиктерин айтышкан.

Желек 2012-жылы орнотулган жана Бишкектин түштүк бөлүгүнүн бардык жеринен көрүнөт.

Бирок орнотулгандан бери ал эки жолу жыртылган. Биринчи жолу — 2013-жылдын жаз айларынын соңунда бүлүнүп 5-июнда алмаштырылган.

11 күндөн кийин — 16-июнда — желек кайрадан жыртылган жана ал эң аз дегенде 9-июлга чейин ошол бойдон илинип турду.

Бул убакыттын аралыгында өкмөт дагы, Бишкектин мэриясы дагы, Орто-Сай айылы орун алган Аламүдүн району дагы желекти алмаштыруу милдеттенмесинен качып келишти.

Бишкектин мэриясынан желек борбордун аймагынын сыртында жайгашкандыгын жана алардын карамагында эмес экенин айтып Kloop.kgнин кабарчысына түшүндүрүштү.

«Аймактык жактан ал бизге тиешелүү эмес», — деди мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок желек сабы орнотулган Аламүдүн району да желекке алардын эч кандай тиешеси жоктугун жана анын айланасындагы аймак Бишкектин айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгына тиешелүү экенин билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен да алар желек үчүн жооп бербей тургандыктарын айтышты.

Желек 2012-жылы, ал кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен орнотулган жана өкмөттүн балансында болгон.

Бабанов желек орнотулгандан көп өтпөй эле парламенттик каатчылыктан улам премьер-министрлик кызматтан кеткен. Желек Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлүп берилиши керек болчу, бирок Бабановдун убагында ал үчүн керек болгон бардык документтерди даярдап жетишпей калышкан.

«Өкмөт желекти эч кимдин балансына өткөрүп берген эмес», — деди Бишкек мэриясынан Чынара Усупбаева.

Автор: Айкерим Молдалиева