Универсиада-2013: Кыргызстан бел боо күрөшү боюнча дагы үч коло медалга ээ болду

IMG_5374-1

Кыргыз спортчулары Казань Универсиадасында бел боо күрөшү боюнча дагы үч коло медалга ээ болушту. Учурда Кыргызстандын капчыгында жалпысынан бардык даражадагы тогуз медаль бар.

Кадыр Келсинбеков күмүш медалды бел боо күрөшү боюнча 100 килограмм салмак категориясында жеңип алды.

Ушундай эле даражадагы медалдарга 60 килограммга чейинки салмак категориясында Нуржан Рыскул уулу жана 90 килограммдык салмак категориясында Дуулатбек Сапарбек уулулар ээ болушту.

Үч медалды тең кыргыз спортчулары бир күндө – 9-июлда утуп алышты.

Келсинбеков алгачкы кармаштарында укриандик спортчу Андрей Куник менен түркмөн балбаны Веп Оразмырадовду жеңип, жарым финалда Казакстан балбаны Эскархан Осмоновго утулуп калды.

Рыскул уулу медаль үчүн күрөшүү укугуна Белоруссия өкүлү Сергей Пекарскийди, Сапарбек уулу Тажикстан балбаны Тошмуротов Хусниддинди уткандан кийин жетишкен.

Рыскул уулу да, Сапарбек уулу да чечүүчү кармаштарында Орусиянын балбандарына жеңдирип коюшту.

Мелдештин буга чейинки күндөрүндө кыргызстандык спортчулар эки алтын, бир күмүш жана төрт коло медалга ээ болушкан.

Жалпы медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 13-орунда. Биринчи орунда 62 алтын медалы менен Орусия Федерациясы келе жатат. Кыргызстандын жакынкы атаандаштары — 17чи жана 18-орундардагы Чехия жана Австралия өлкөлөрү.

Универсиада — бул Эл аралык Университет спорту Федерациясы тарабынан өткөрүлчү студенттер арасындагы эл аралык спорттук мелдештер. Биринчи Универсиада 1905-жылы АКШда өткөн.

Жайкы универсиада Татарстандын борбору Казанда өтүп жатат. Ал 17-июлда аяктайт. Анда жалпысынан 163 өлкөнүн спортчулары спорттун 27 түрү боюнча катышып жатышат.

Автор: Айгерим Мадакимова

Редактор: Айдай Токоева
Сүрөт Универсиада-2013түн расмий сайтынан алынды