«Азаттыктын» журналисти аны педофилдикке айыптагандыгы үчүн «Вечерний Бишкекти» сотко берет

IMG_5374-1

 «Азаттык» радиосунун өзбек тилдүү кызматынын журналисти  аны ички иштер министрине шилтеме жасап педофилдикке айыптаган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасын сотко берет.

«Азаттык» радиосунун өзбек тилдүү версиясынын Кыргызстанда иштеген кызматкери Элмурод Жусупалиев «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасын сотко берүү үчүн жактоочу издеп жатат.

Ал гезиттин кабарчылары Асель Шабданова менен Эльвира Темирди «көзкөрүнөө жалган маалымат тараткан жана  жазыксыздык жоромолун бузган» деп айыптап жатат.

Журналисттер алгач ички иштер министри Абдулла Суранчиевге, андан соң укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме жасап Жусупалиевдин 16 жаштагы баланы зордуктагандыгын жана ал күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу бир нече макала жазышкан.

Эльмурод Жусупалиев андагы маалыматтар менен макул эмес жана гезиттин материалдарында ушак бар деп эсептейт.

«Вечерний Бишкек так айтылбаган булактарына шилтеме жасап мен жөнүндө көзкөрүнөө жалган маалымат берген», — деди Жусупалиев Kloop.kgге берген маегинде.

Жусупалиев чындыгында эле укук коргоо органдары тарабынан педофилдикке шиктелип, ага карата кылмыш иши козголгон, бирок 9-июлда экспертиза анын күнөөлүү эмес экендигин далилдеген соң иш жабылган.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет версиясынын башкы редактору Дина Маслова Жусупалиев бул маселени талкуулаш үчүн редакцияга келгендигин, бирок алар бир пикирге келе албагандыктарын айтты.

«Вечерний Бишкектин» юристи Жусупалиевге сотко кайрылуу кеңешин берген.

«Ал биздин юрист менен сүйлөшүп, моралдык зыян үчүн компенсация төлөшүбүз керектигин четин чыгарып айткан. Анан юрист төмөндөгүдөй вариант сунуштады: биз журналист менен ал маалыматтын ырастыгын, ишенимдүүлүгүн талкуулайбыз. Эгер журналистти [Жусупалиевди] ал талкуу канааттандырбаса юрист сотко кайрылууну сунуштайт», — деди Маслова.

Компенсация күтүп жатат

«Азаттыктын» журналисти Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандагы эң ири орус тилдүү гезиттен компенсация алгысы келип жаткандыгын ырастады.

«Мен ал журналисттердин материалдык жаза тартып, мага компенсация төлөп берүүлөрүн каалайм», — деди ал.

Жусупалиев «Вечерний Бишкек» басылмасы ага буга чейин басылып чыккан маалыматтын бир бөлүгүн төгүндөп макала жазып чыгарууну сунуштагандыгын билдирди. Бирок журналист көйгөйдүн мындай чечилишине макул болгон эмес.

«Алар эгер мен кааласам, менин тергөө абагында отурганым тууралуу төгүндөө макаласын жарыялай тургандыктарын айтышты, ал эми менин күнөөмдү мойнума алып, тергөөнүн төгүнгө чыгарылгыс далилдери боюнча андай макала чыгаруудан баш тартышты», — деди журналист.

Маслова Жусупалиевде аларга каршы соттон жеңип чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аз деп эсептейт.

«Анын доосу жеңип чыкпай турган доо. Биринчиден, интернет ММК болуп эсептелбейт, экинчиден, ММК бийликтин расмий органдарынын эл алдындагы билдирүүлөрү үчүн жооптуу эмес. Сөз бул жерде ички иштер министри Суранчиевдин биз жазып чыккан билдирүүсү жөнүндө болуп жатат», — деп эсептейт «Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасынын башкы редактору.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Редактор: Айдай Токоева

Сүрөт Жусупалиевдин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды