Ырчылар Каныкей менен Нурбек Савитахунов өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулукка каршы биригишти [+видео]

201307110uSh19Ja9KWsFdlu_Z1dga_large

Кыргызстандагы белгилүү ырчылар Каныкей менен Нурбек Савитахунов өлкөдөгү эрте кош бойлуулукка каршы кампанияга биригишти. Алар өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук менен алардын кесепеттеринин өсүп жаткандыгына тынчсызданышууда – Кыргызстанда ар бир 13 бойдон алдыруунун бирөөсү 12-19 жаштардагы өспүрүм кыздарга туура келет.

БУУнун калк жайгаштыруу фонду Кыргызстандагы эрте кош бойлуулукка каршы кампаниясын баштады. Ага белгилүү ырчылар — Каныкей, Нурбек Савитахунов, Гүлнур Сатылганова жана Омар Жанышевдер кошулушту.

Каныкей журналисттер менен болгон жолугушуусунда өзүнүн Кыргызстандын аймактарына болгон гастролдорунда репродуктивдүү саламаттык маселесин көтөрө тургандыгын билдирди.

«Мен ал жерлердеги [аймактардагы] жаштарды чогултуу үчүн концерттерди өткөрүүгө даярмын. Журналисттердин, ошол эле саясий күчтөр менен мекемелердин колдоосу менен ал концерттин алкагында жаштардан ВИЧСПИД жөнүндө эмне биле тургандыктары боюнча суроолорду берип сүйлөшсө болот», — деди Каныкей.

Савитахунов да өз аудиториясы менен болгон маектешүүлөрүндө эрте кош бойлуулук жөнүндө сүйлөшүү ниетинде.

«Биз Каныкей экөөбүз бул жерге калктын дал бизди уга турган катмарына – өспүрүмдөр менен балдарга ушул көйгөйдү жеткирип, мүмкүн эмдиги жылга карата кичине болсо да өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулукту азайтуу үчүн тартылгандайбыз», — деди ырчы.

«Кыргызстандын мектеп окуучуларына сексуалдык тарбия керекпи?», - деген темадагы атайын репортажды окуу

Кампанияны Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги колдоду — министрдин орун басары Марат Калиев мекеме эрте бойго бүтүү көйгөйү менен алектенээрин айтып, анын негизги себеби катары калктын билимсиздигин эсептейт.

Бирок Калиев өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук менен биринчи кезекте үй-бүлөдө алектенүү керектигин баса белгиледи.

БУУнун калк жайгаштыруу фондусунун өлкөдөгү директору Николай Ботев Кыргызстанда өспүрүм кыздардын өлүмүнүн себептеринин бири катары боюнда бар кезиндеги же төрөт маалындагы кыйынчылыктар болгондуктан алар эрте кош бойлуулукка каршы кампаниясын баштагандыктарын айтты.

Фонддун маалыматы боюнча, өлкөдө ар бир 13 бойдон алдыруунун бирөөсү 12-19 жаштардагы өспүрүм кыздарга туура келет, ал эми он кош бойлуулуктун жетиси бойдон алдыруу менен аяктайт.

Жыл сайын Кыргызстанда кош бойлуу кезинде же төрөт маалында бир өспүрүм кыз каза болот.

Кампанияны ошондой эле «Y-PEER» жаштар түйүнүнүн активисттери колдошту — алар эрте кош бойлуулукка каршы спектакль коюшту.

http://www.youtube.com/watch?v=ey0XEd-Rx-Q

Автор: Зарема Султанбекова