Ички иштер министрлиги 9-июлдагы жол кырсыгынан каза болгон курсанттардын үй-бүлөлөрүнө утурлама жардам катары 25 миң сомдон төлөп берди. Ушундай эле сумманы ИИМ академиясы да бөлүп берди. Азырынча жардам катары андан аркы берилүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү аныктала элек.
ИИМ академиясынын курсанттары бара жаткан кичи автобус 9-июль күнү Чүй облусунун Көк-Жар айылында кырсыкка учураган, жыйынтыгында үч адам каза болгон.
Министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде каза болгон курсанттардын туугандары мекеме менен академиядан жардам катары алдын ала 50 миң сомдон алгандыктарын айтты.
Азырынча берилчү негизги компенсациянын өлчөмү аныктала элек.
Осмонбаев экспертизанын жыйынтыктары даяр болбогондуктан азырынча курсанттардын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына күнөөкөр адамдын ким экендиги так аныктала электигин айтты.
Каза болгон курсанттар менен коштошуу 10чу жана 11-июлда болду — 19 жаштагы Баяман Бакытов Ош облусунун Фурхат айылында, 18 жаштагы Мээрим Куватова Бишкекте жана 18 жаштагы Айжамал Кененова Чүй облусунун Кемин районунда жерге берилди.
«Жоготуунун кайгысы абдан чоң. Бакытов Баяманды, Куватова Мээримди жана Кененова Айжамалды жоготуу менен ички иштер органдары жарандар менен мыйзамдын келечектеги коргоочуларын, келечектеги милиционерлерди жоготту», — деп жазылган ИИМдин сайтында.
Жол кырсыгы
Кырсык 9-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында болгон — Осмонбаевдин айтымында, каршылаш келе жаткан унаа жолдун бет маңдай тарабына чыга калып, анын жыйынтыгында ИИМ академиясынын курсанттары бара жаткан кичиоавтобус оодарылып кеткен.
«Учурда факты боюнча кылмыш иши козголду, тергөө иш-чаралары жана бир катар экспертизалар жүргүзүлүүдө», — деген анда Осмонбаев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабыр тарткандардын экөөсүнө дарыгерлер ордунда жардам көрсөткөндөн кийин ал курсанттар ооруканага жатуудан баш тарткандыктарын билдирди.
Жабыр тарткан дагы үч курсант Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борбору менен Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жеткирилген.
Куватова, Бакытов жана Кененовалар кырсык болгон жерде эле көз жумушкан.
Автор: Зарема Султанбекова