Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар лагерде эс алышты

SAM_1267

Кызыл-Кыя шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жайкы эс алуусун кайрымдуулук фонд уюштурду. Ага каражатты коомчулук, мекеме-ишканалар, меценаттар жана ата-энелер топтошту.

30-июндан 10-июлга  чейин Кызыл-кыялык 30 бала шаардагы №7 кесиптик лицейинде лагерде болушту. Алардын үчтөн экиси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Лагерде эс алган 30 баланын үчтөн экиси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер
Лагерде эс алган 30 баланын үчтөн экиси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер

Кызыл-кыялык балдар үчүн мындай лагердин быйыл үчүнчү жолку уюштурулушу. Өткөн жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тобу Ысык-Көлдө эс алышканын «Рема» кайымдуулук фондунун жетекчиси  Пак Светлана Анатольевна белгиледи.

«Лагерге жолдомо акысынын 50 пайызын ата-энелер,  калганын фонддун демөөрчүлөрү каржылады. Негизинен, өлкөдөгү ири ишканалар, мекемелер жана бизнесмендер колдоо көрсөтөт. Шаардагы «Айбек» базарынын башчысы менен биргеликте акция уюштурдук. Ар бир дүкөндөн лагерь үчүн азык-түлүктөр топтолду»,- деди фонд жетекчиси.

Өткөн аптада лагердеги балдар Ошко зыярат кылышты. Парк айланып, бассейнге түшүштү.

«Мага лагерь аябай жагат. Үчүнчү ирет лагерде эс алып жатам. Бул жерден көп жакшы досторду таптым. Алар менен ойнойбуз. Мага бассейнге түшкөн аябай жакты. Кийинки жылдары да лагерге келем »-, дейт  16 жаштагы Топчубек.

Балдар үчүн түрдүү конкурстар уюштурулган
Балдар үчүн түрдүү конкурстар уюштурулган

Ал эми 19 жаштагы Дилдара өмүрүндө алгачкы жолу лагерге келген.

«Мага лагерь абдан кызыктуу өтүп жатат. Эми дагы келем, буюрса»,-  дейт көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген Дилдара.

Тарбиячы Гүлкан Тилебалды кызынын  айтымында, лагерде күндө түрдүү майрамдык кечелер, ийримдер уюштурулуп турат.

«Орус тилин, бий, куурчак театрын үйрөтүүчү ийримдер бар. Балдар каалаганына катыша алышат. Мындан сырткары, тили  жакшы келбеген балдар үчүн логопедиялык сабактар болот. Балдар үчүн мунун баары кызыктуу. Алар активдүү катышып жатканы бизди кубандырат»-, дейт тарбиячы.

«Рема» кайрымдуулук фонду 2007-жылы түзүлгөн. Ошондон бери  жалпы каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны  86. Алардын 60 пайызын диагнозу  да ар түрдү балдар түзөт.

Лагердин тамак-аш азыктарына жергиликтүү дүкөн ээлери да көмөктөшкөн
Лагердин тамак-аш азыктарына жергиликтүү дүкөн ээлери да көмөктөшкөн

Светлана Пак майып балдар үчүн мектеп ачууну пландап жатканын айтат. Ага Кызыл-Кыя шаар мэриясы 16 сотых жер тилкесин бөлүп берген.

«Кайрымдуулук фонд материалдык жактан кыйналып кайрылган үй-бүлөлөргө жардам берет. Ай сайын беш бизнесмен бизге акчалай жардам кылып турат. Акчалай жана материалдык жардам ошолордун эсебинен»,-дейт «Рема» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Светлана Пак.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева