Универсиада-2013: Кыргызстан күрөш боюнча дагы бир күмүш медалга ээ болду

Nady-rbek-uulu-Samat

Самат Надырбек уулу Орусия Федерациясынын Казань шаарында өтүп жаткан Университеттик оюндарда күрөш боюнча күмүш медалды жеңип алды. Жети күндүк мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жалпы медалдык эсепте 17-орунда келе жатат.

Кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу эркин күрөш боюнча 55 килогарммга чейинки салмак категориясында күмүш медалга ээ болду.

Жарым финалдык беттешинде ал ирандык балбан Ясер Хейдарголинезадени утуп, бирок финалдык кармашында Орусия спортчусу Нариман Исрапиловдон жеңилип калды.

Надырбек уулу мелдешке чейин мындай жетишкендик жөнүндө кыялданганы менен күрөштөн кийин күмүш алганына капаланып жаткандыгын айтты.

«Эгер Универсиада башталганга чейин мага күмүш медаль тууралуу айтышса мен мындай жыйынтыкка ойлонбой туруп макул болмокмун, — деп жазат РИА «Новости» Надырбек уулунун айткандарын — Мелдеш башталганга чейин мен алдынкы үч байгелүү орунга үмүт кылып аткам, бирок финалга өткөндөн кийин жеңишке жетүүнү максат кылгам. Азыр гана алтын медалга аз гана калып, ага каршылашым ээ болгонуна өтө өкүнүп атам».

Мелдештин биринчи аптасында Кыргызстандын спортчулары өлкөнүн капчыгына 10 медаль алып келишти: эки алтын, эки күмүш жана алты коло.

Жалпы медалдык эсеп боюнча өлкө 17-орунда келе жатат.

Кыргызстандын жакынкы атаандаштары — 16-орундагы Монголия менен 18-орунда келе жаткан Түндүк Корея өлкөлөрү.

Биринчи орунда мелдештин ээси болгон орусиялыктар 72 алтын медалы менен келе жатышат.

Универсиада — бул Эл аралык Университет спорту Федерациясы тарабынан өткөрүлчү студенттер арасындагы эл аралык спорттук мелдештер. Биринчи Универсиада 1905-жылы АКШда өткөн.

Бул жолку жайкы универсиада Татарстандын борбору Казанда өтүп жатат. Ал 17-июлда аяктайт. Анда жалпысынан 163 өлкөнүн спортчулары спорттун 27 түрү боюнча катышып жатышат.

Автор: Айгерим Мадакимова