Онкологиялык жактан ооруган бейтаптарга оору сезимдерин жок кылуу үчүн пайдаланыла турган «Трамадол» дарысын Кыргызстандын ири дарыкана тармактарынан табуу дээрлик мүмкүн болбой калды. Адистер өлкөдө ал дарыны алмаштыра ала турган үлгүсү жок экенин айтып жатышат.
Улуттук онкология борборунун химиялык терапия бөлүмүнүн илимий кызматкери Светлана Найзабекова көптөгөн бейтаптар Кыргызстанда алар үчүн өтө маанилүү болгон оору сезимдерин жоготчу «Трамадол» дарысынын жоктугуна даттанып жаткандыктарын Kloop.kgнин журналистине ырастады.
«Трамадол» опиоиддер категориясындагы дарылардын катарына кирет жана оору сезимдерин жок кылуучу күчсүз дарылар жардам бербей калган бейтаптар үчүн белгиленет.
Найзабекова бул дарыны алмаштырчу үлгүсү жок болгондуктан, анын жетишсиздиги онкологиялык бейтаптар үчүн белгилүү бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн деп эсептейт.
Анын айтымында, Кыргызстандын дарыгерлери башка дарыларды тандап, бейтаптар үчүн пайдаланууга аракет кылып жатканы менен бул чечим дайыма эле туура, жакшы чечимдерден боло бербейт.
«Ал дары жок болуп жатканда аны убактылуу күчтүрөөк болгон опиоиддерге алмаштыра турса болот. Ырас, биздин кээ бир дарыгерлер бейтап ал дарыга көнүп калат деп кооптонушат», — деди ал.
Жарамдуу мөөнөттөрү өтүп кеткен дарылар
Улуттук онкология борборунун директору Мукаш Бейшембаев орун басары экөөнө бир күндүн ичинде эле гуманитардык жардам катары жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен «Трамадол» даарысын берүү сунушу менен эки жолу белгисиз компаниялар тарабынан кайрылуулар болгондугун Kloop.kgге билдирди.
Бейшембаев мыйзам боюнча борбор жарамдуулугу өтүп кеткен дары-дармектерди кабыл алууга укуктуу эмес экендигин жана белгисиз компаниялардын сунушунан баш тарткандыктарын айтты.
Улуттук онкология борборунун директору фармкомпаниялардын өзүлөрү куулук кылышып, эскилерин сатып түгөтүү үчүн Кыргызстанга жаңы «Трамадол» дарысынын алынып келишин токтотуп коюуулары мүмкүндүгүн божомолдойт.
Анын айтымында, көпчүлүк учурларда оору сезимдерин жок кылуучу бул дарыларды онкологиялык жактан ооругандарга гана эмес кургак учук жана ВИЧ/СПИД менен жабыркаган адамдарга да жазып беришет.
Бирок ал Кыргызстандын дарыгерлери жөн гана «Трамадолду» белгилөөгө көнүп калышкан деп эсептейт. Айтымында, ал дарынын ордуна колдонууга мүмкүн болгон көптөгөн дары-дармектер бар.
«Мага “Трамадол” табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. А мен аларга ал дарыны белгилеген дарыгерлер анын ордуна башкасын деле белгилешсе болоорун айттым», — дейт ал.
Дарыканаларда жок
Борбордук дарыкананын сатып алуу бөлүмүнөн буга чейин «Трамадол» дарысы Кыргызстанга Австрия, Пакистан жана Германия өлкөлөрүнөн алынып келинип тургандыгын, андан сырткары жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан да чыгарылып келгендигин айтышты.
Сатып алуу бөлүмүнүн кызматкери эмне себептен дарыны алып келүү токтотулгандыгын жана бул канчага созулаарын так айтып бере алган жок.
Кыргызстандагы ири дарыкана тармактарынын бири болуп эсептелген «Немандан» аларда аталган дары жоктугун жана бул жергиликтүү өндүрүүчүнүн көйгөйлөрүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн Kloop.kgге билдиришти.
«Анда кайсы бир курамдык бөлүгү жетишпей жатат окшойт. Заводдо ал дарыны өндүрө албай жатышат», — деди «Немандын» кызматкери.
Кыргызстанда «Трамадолду» өндүрүп келген Asian Med Trade компаниясы дары чыгаруунун токтотулушу боюнча Kloop.kgнин кабарчысына комментарий берүүдөн баш тартты.
Kloop.kgнин кабарчысы «Трамадолду» Бишкектин Борбордук дарыканасынан гана таба алды — ал жерге Казакстандан 150 таңгак алып келишкен.
Автор: Зарема Султанбекова