Кыргызстан – Өзбекстандан келген качкындарды куткаруучу талаа

doroga

Кыргызстан качкындарды кабыл алуу боюнча Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат. Келген качкындардын көбү Өзбекстандын жарандары. Алар көпчүлүк учурларда бул жактагы камакка алынуу коркунучуна карбастан качкын статусунун берилишин күтүшөт. Бирок укук коргоочулар өзбек түрмөсүндө жаткандан көрө Кыргызстандагы кыйынчылыктарды баштан өткөрүү жеңилирээк деп эсептешет.

Жыл сайын БУУнун Кыргызстандагы качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгына өз өлкөсүнүн бийлиги тарабынан жасалган саясий, диний жана улуттар аралык куугунтуктоолордон улам эл аралык коргоо суроого аргасыз болгон миңдеген чет өлкөлүктөр кайрылышат.

Мындай куугунтуктоолордун бирине өзбекстандык Рашидовдордун үй-бүлөсү кабылган (каармандардын коопсуздугун сактоо максатында алардын ысымдары өзгөртүлдү). Тергөөчүлөр тарабынан Коканд шаарындагы тергөө абагынын жер төлөсүндө зордукталып, кемсинтүүлөргө учураган 42 жаштагы Шахзода Рашидова учурда Кыргызстанда саясий башпаанек алуу үмүтү менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүрөт.

Иши тергөөдө кезинде ал кыйноолорго кабылып, буттары хлорлуу сууга салынып, сабалып, мурду сынып, чачтары кесилген. Бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына анын апасы Зухра билдирди.

«Үйүмдө 2006-жылы талоончулук болган. Мен ал боюнча арыз жазсам бардыгын кызыма оодарып салышкан», — дейт Зухра.

Жыйынтыгында, чыныгы ууруну кармагандын ордуна алар Шахзодду Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 164-беренеси («талоончулук») боюнча күнөөлөшүп, аны Ташкенттеги аялдар абагына которушкан. Апасы мунун бары кызынын пакистандыкка турмушка чыккандыгына байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт.

«Ал [тергөөчү]: «Сени зордукташат. Эмнеге чет элдик адамга турмушка чыктың? Биздин эмнебиз кем, эмнеге чет өлкөлүктү тандап алдың?деди», — деген кичүү кызынын айткандарын кайталады Рашидова.

Ал Шахзода зордукталгандан соң боюна бүтүп, көп өтпөй эле боюнан түшүп калганын сегиз айдан кийин уккан. Бул мезгилдин аралыгында Өзбекстандын укук коргоо органдары анын туугандары менен көрүшүп, сүйлөшүүсүнө тоскоолдук кылып келишкен.

Бул окуядан кийин айласы кеткен апасы Өзбекстандын укук коргоо органдарын кызына ырайымсыздык менен мамиле жасаган деп айыптап, прокуратура органдары менен сотторго даттануу арызын жазып баштаган.

2007-жылы башталган териштирүүлөрдөн кийин Зухра уулу жана улуу кызы менен бирге кылмыш кодексинин «өзгөчө оор» беренеси боюнча айыпталышып, Ташкенттин тергөө абагына камалып калышкан.

Рашидовдордун үй-бүлөсү Ташкенттеги тергөө абагында 2010-жылдын августуна чейин жатышкан. Шахзода эркиндикке анын апасы, иниси жана улуу эжеси бошотулгандан жарым ай эрте чыгарылган. Бирок апасынын айтымында, алар баары бир жолуга алышкан эмес.

Зухра анын кичүү кызынын эркиндикке чыгарылганына алты ай болгондон кийин укук коргоо органдары ага карата дагы бир кылмыш ишин козгогондуктарын айтты.

Ал Шахзоданын кандай жол менен Кыргызстанда болуп калгандыгы тууралуу айткан жок — Зухра ал маалыматтын ачыкка чыгышы кызына коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.

Учурда ал кызынын кайсыл жерде экендигин так билбейт.

«Ага кайсыл жерде тынч болсо ошол жакта эле жашай берсин. Аны куугунтуктап, аңдып жүрүшөт да, өлтүрүп коюуулары мүмкүн», — дейт ал.

Кыргызстанга качуунун себептери

1996-жылдан бери БУУнун Кыргызстандагы качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгында качкын статусун алуу өтүнүчү менен кайрылган 20 миңден ашык киши катталган. Алардын көпчүлүк бөлүгү Өзбекстандын жарандары, ошондой эле Тажикстандын, Ооганстандын, Пакистандын, Кытайдын, Ирандын жана Сириянын жарандары да бар.

Кыргызстандын эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдын май айынын башталышына карата өлкөдө баш калка издеп кайрылган 191 жаран каттоодон өткөн, алардын жарымынан аз бөлүгүн Өзбекстандын жарандары түзүшкөн.

Бирок жыйынтыгында, алардын бир азы гана качкын статусун алышат.

БУУнун Кыргызстандагы качкындар иши боюнча башкы комиссарынын коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Айнагүл Абдрахманова Kloop.kgге берген маегинде 2012-жылдын ичинде качкын статусун болгону 19 гана адам алгандыгын билдирди.

Ал маалыматтардын жашыруундуулугун эске алып, кайсы өлкөдөн канча адам качкын статусун сурап кайрылганы боюнча статистикалык маалыматтарды берген жок.

Өзбекстандын укук коргоо альянсынын жетекчиси Елена Урлаева менен «Борбордук Азиядагы адам укугу» ассоциациясынын президенти Надежда Атаевалар Кыргызстандан башпаанек сурап Өзбекстандын диний азчылык өкүлдөрү, ошондой эле кармоо учурунда кыйноолорго дуушар болгон укук коргоочулар, журналисттер жана ишкерлер кайрыла тургандыктарын айтып жатышат.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, акыркы он жылдын аралыгында Өзбекстанда 200дөн ашык укук коргоочу жана көз карандысыз журналисттер куугунтуктоолорго дуушар болушкан.

Өзбекстан 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери журналисттерге үзгүлтүксүз басым жасоосу менен атагы чыккан. Сүрөттүн автору: Keo the Younger
Өзбекстан 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери журналисттерге үзгүлтүксүз басым жасоосу менен атагы чыккан. Сүрөттүн автору: Keo the Younger

Атаева азыркы учурда качкындардын тизмесин мамлекеттик буйрутмаларды аткарып, андан соң мамлекеттин карыздары алардын ысымдарына жаздырылган мурунку чиновниктер менен ишкерлер да толуктап жаткандыгын айтат.

«Формалдуу түрдө аларды экономикалык кылмыштарга айыпташат. Чыныгы себеби болсо алардын жогорку кызматтагы чиновниктерге ишенишип, алдын ала төлөмдөрүсүз эле товарларын жеткирип берип жибергендиктеринде. Качан гана алар товар үчүн акча төлөнүшүн талап кылышканда камакка алынуу коркунучуна дуушар болушат», — деп түшүндүрдү Атаева.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Өзбекстан тараптан келип жаткан жарандардын чоң агымы алар үчүн Кыргызстандын жагымдуу, ылайыктуу экендигин айтып турат. Осмонбаевдин пикири боюнча, ортоазиялык башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан эң демократиялуу өлкө болуп саналат.

«Борбордук Азиядагы адам укугу» ассоциациясынын президенти Надежда Атаева Өзбекстан жарандарынын – өзгөчө Фергана өрөөнүнүн жашоочуларынын – куугунтуктоолордон Кыргызстанга качышы анын ыңгайлуу жайгашканында деп эсептейт.

Бишкектин жер астындагы өтмөктөрү — өзбек качкындары үчүн баш калкалоочу жай

Кыргызстанда башпаанек издеген адам биринчи кезекте качкын статусун алуу үчүн Кыргызстандын эмгек, миграция жана жаштар министрлигине арыз менен кайрылат.

Качкындар жөнүндөгү кыргыз мыйзамдарына ылайык, адамды качкын деп табуу боюнча чечим алты айдын аралыгында кабыл алынат. Зарыл учурларда бул мөөнөт бир жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Укук коргоочулар кээде Өзбекстандын өз өлкөсүн айла жок таштап кеткен бир катар жарандары качкын статусунун берилишин күтүп жер астындагы өтмөктөрдө түнөй тургандыктарын, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан камакка алынаарын айтышууда.

Укук коргоочу Урлаева «Өзбекстандын түрмөсүндө отургандан көрө» ачык асманда түнөгөн жакшы деп эсептейт жана качып келгендерден жаңы өлкөдөгү жашоо шартына даттангандар аз экенин белгилейт.

«Издөө кызматтары качкындарды издешет, анткени Өзбекстанга каршы маалыматтар тарайт да. Кайсы гана мүнөттө болбосун камалуу коркунучу бар болот. Мындай кооптонууларга байланыштуу качкындардын көбү Бишкектин чет жактарында жашашат, негизинен жөө жүрүшөт жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн конспирация кылышат», – дейт Ташкент альянсынын укук коргоочусу.

«Качып кеткенден» кийин өзбек активисттери интернет аркылуу иштөөсүн уланта беришет, бул алардын кайсыл жерде экендигин аныктоодо бийликке жардам берет.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 1993-жылдагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам, укуктук мамилелер жөнүндөгү Конвенцияга ылайык, кыргыз тарапка ал адамды өткөрүп берүү талабы менен сурам жөнөтүүгө укуктуу.

Өз кезегинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы токтом түрүндө качкынды өткөрүп берүү же өтүнүчтөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, дейт “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов.

Ал Өзсекстандын качкын статусун алуу үчүн арыз жазууга жетишпей калган жаранын Кыргызстандын УКМКсы кармап, тергөө абагына камаган 2012-жылдагы окуяны мисал катары келтирди.

Султанов кошумчалагандай, мыйзамсыз кармоого тез реакция жасалышы үчүн качкындар менен башпаанек издеп жүргөн жарандар тынымсыз байланыш аркылуу кармалгандыктары тууралуу аларга билдиришет. Кайрылуу келип түшкөн соң юристтер ал жерге барышып, алардын Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы кызыкчылыктарын коргоп юридикалык жардам беришет.

Бирок Атаева БУУнун Бишкектеги качкындар иши боюнча башкы комиссарынын имараты Өзбекстандын жарандарынын кармалышына ар дайым эле реакция жасай бербестигин билдирүүдө.

«БУУнун качкындар иши боюнча башкы комиссариатынын шашылыш билдирүүлөрдү кабыл алчу телефону дайыма жооп бербейт. А эгер ал качкындар эл аралык уюмдардан же биздин Ассоциациядан жардам сурашса жарыялап жиберишти деп бизди жемелешет», — дейт Атаева.

Дайынсыз жоголгон качкындар

Бишкекте өзбек качкындарынын дайынсыз жоголуп кеткен бир нече учурлары кездешкен. 2013-жылдын февраль айынын аягында Фергана өрөөнүнүн Ханабад шаарында туулган Шухрат Мусин Бишкектин борборунда жоголуп кеткен. Ал качкын статусун расмий турдө алган болчу.

Мусин Кыргызстанда 2008-жылдан бери жашап келген жана үчүнчү бир өлкөгө көчүрүлүшүн күтүп жаткан — эл аралык эрежелерге ылайык, кээ бир учурларда саясий башпаанек менен качкын статусу ал адам эч качан болуп көрбөгөн өлкө тарабынан да берилет.

  Мусинге 18-февраль күнү күндүз телефон чалышкан, андан соң ал батиринен чыгып кетип ошол бойдон кайтып келген эмес

Мусинге 18-февраль күнү күндүз телефон чалышкан, андан соң ал батиринен чыгып кетип ошол бойдон кайтып келген эмес

«Борбордук Азиядагы адам укугу» ассоциациясы Мусиндин өзбек атайын кызматтары тарабынан кармалгандыгын жана учурда Өзбекстанда экендигин билдирген.

Ассоциация жетекчилиги Өзбекстандын мамлекеттик органдары Мусиндин кайсыл жерде экендиги боюнча жөнөтүлгөн сурамга эки айдан бери жооп бербей жаткандыгын билдирүүдө.

«Фергана» маалымат агенттиги апрель айында өзбек качкыны Өзбекстандын түштүк-чыгышында орун алган Андижан шаарынын абактарынын биринде камакта жаткандыгын жазып чыккан.

Бирок Кыргызстандын ИИМи ал маалыматты четке кагып, Мусиндин өлкөдөн чыгып кеткендиги катталбагандыгын билдирүүдө.

Мусин мекенинде терроризмге айыпталып жатат, а укук коргоочулар Мусиндин диний себептер боюнча куугунтукталып жаткандыгын айтышууда.

«Борбордук Азиядагы адам укуктары» ассоциациясынын өкүлү Надежда Атаеванын маалыматтары боюнча, акыркы сегиз жыл аралыгында Өзбекстандын атайын кызматынын катышуусунда өзбек жарандарын Кыргызстандан күчтөп мекенине кайтаруу боюнча укук коргоочуларга 20дан ашык учур белгилүү.

«Чындыгында мындай окуялар алда канча көп болгон деп божомолдоого негиз бар; күчтөп мекенине кайтарылган курмандыктардын көбүнүн аты-жөндөрү белгисиз, анткени алар укук коргоочуларга кайрылышкан эмес жана БУУнун качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгында каттоодон өтүшкөн эмес», – деп жазган укук коргоо борборунун президенти өз блогуна.

Бирок Кыргызстандын ИИМинин басма сөз катчысы Атаеванын пикирин четке кагып, Кыргызстандын укук коргоо органдары качкындар менен башпаанек издеп жүргөн адамдарга активдүү көзөмөл жүргүзгөндүктөн өзбек жарандарынын Кыргызстандан күчтөп алынып кетип жаткандыгы тууралуу маалыматтардын күмөндүү экенин билдирди.

Өзбек бийлиги болсо бул тема боюнча журналисттер менен сүйлөшүүнү каалашпайт.

Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Өзбекстандын ИИМинин кызматкери качкындар темасы өтө «татаал маселе» экенин айтып, интервью берүүдөн баш тартты.

Өзбекстандын Кыргызстандагы консулдугу да өзбек качкындары жөнүндөгү маалыматтар Кыргызстандын мамлекеттик органдарында бар экенин айтып, качкындар маселеси боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эркиндикке жеткендер

Өзбекстандын баш калкалай турган жай издеген жарандарынын чоң агымынын арасында өз өлкөсүнөн ийгиликтүү чыгып кеткендери да бар, алар көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, качкын статусун алууга жетишишкен.

Андайлардын бири ташкенттик журналист Елена Бондарь – ал Бишкектеги тренингге катышып баргандан кийин соттук куугунтуктоолорго кабылып, 2012-жылы Кыргызстанга качып келген.

Елена Бондарь 2011-жылдын 22-августунда, Бишкектен учуп бараары менен УККнын кызматкерлери тарабынан Ташкенттин аэропортунан кармалган
Елена Бондарь 2011-жылдын 22-августунда, Бишкектен учуп бараары менен УККнын кызматкерлери тарабынан Ташкенттин аэропортунан кармалган

 Бир жылдык куугунтуктоолордон кийин Бондарь Бишкекке кайтып келип, качкын статусун алуу үчүн арыз жазган.

2013-жылдын мартында БУУнун Кыргызстандагы качкындар иши боюнча башкы комиссары мекенинде Бондарга карата эч кандай коркунуч жок деген чечимге келип, анын качкын статусун алуу өтүнүчүн четке каккан.

Бирок Өзбекстандан келген журналист апелляциялык арыз жазып атып акыры саясий башпаанек алууга жетишкен.

Укук коргоочу Рахматулла Алибаев качкын статусун Кыргызстанда 2007-жылы алган. Андан соң Швецияга кетип, ал жактын жарандыгын алып алган.

«Кыргызстанда башпаанек күтүп жатканда мен корккон деле эмесмин. Эч кандай коркутуулар болгон эмес. Жөн гана милиция кызматкерлери акча өндүрүп алууга аракет кылышкан — биздин менталитетибиз бир эмеспи. Бирок алар эч нерсе ала алышкан жок», — деп эскерет бүгүн Алибаев.

Укук коргоочу Kloop.kgге берген маегинде жумуштан кийинки бош убактыларында мурунку мекендештерине эл аралык коргоонун жол-жоболору боюнча юридикалык кеңештерин бере тургандыгын айтты.

Айласы кеткен апа

Зухра Рашидованын айтымында, анын кичүү кызынын жолдошу аларды кармаганга чейин эле Пакистанга кетип, азыркыга чейин жубайынын башынан кандай окуялар өткөндүгүн билбейт. Зухра ал көптөн бери байланышка чыкпай калганын айтат.

Куугунтуктоолордун жыйынтыгында Рашидовдордун үй-бүлөсү батиринен кол жууп, өз өлкөсүндө каттоосуз калган – эми алар селсаяк болуп жүрүүгө аргасыз.

«Өзүм рак менен ооруйм, меники акыркы баскычы. Кыйналып кеттим. Шахзоданы биз чыккандан бери [тергөө абагынан] таптакыр көрө элекмин», – дейт үмүтү үзүлгөн Зухра.

Айтымында, анын кичүү кызын дагы деле куугунтуктап жатышат, бийлик тарабынан ага карата жаңы кылмыш иши козголгон.

«Биздин адамдык укуктарыбыз басмырланып жатат. Мен акыркы кездери кыштын күнү да үй-жайсыз, кийим-кечесиз жүрөм. Эгер мага үч бөлмөлүү батирди беришпесе өзүмдү өрттөөгө чейин барам. Мындай жашоодон тажадым», – деп жыйынтыктады сөзүн Зухра.

Автор: Диана Рахманова