Кыргызстанда кыйноолордон жабыр тарткан адамдарга компенсация төлөп берүүгө акча жок

dorogaп

Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров менен анын уулу «кыйноолор» үчүн компенсация катары соттон 440 миң сом утуп алышкан, бирок «казынада каражаттын жоктугунан» улам дээрлик бир жарым жылдан бери акчаларын ала албай келишет.

Ош шаарындагы «Правосудие — Истина» укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров менен анын уулу Фаррух бийликтен 2012-жылдын мартында эле 440 миң сом утуп алышкан, бирок азыркыга чейин акчаларын ала албай келишет. 

Гапиров өзүнүн президентке, парламент төрагасына жана башкы прокурорго жолдогон кайрылуусунда Каржы министрлиги «мамлекеттик казынада каражаттын жоктугунан» акча төлөп берүүдөн баш тартып жаткандыгын жазган.

«Мен ар-намысым, уулум Гапиров Фаррух үчүн беш жылдык күрөштө бул суммадан эки эсе көп каражат жумшадым. Карызга баттым. Эми адамдар менин сотто жеңип чыкканымды угуп карыздарын сурап жатышат, а мен бере албайм», — деп жазган ал.

Гапиров мыйзамга ылайык, эгер казынада акча жок болсо мамлекет мүлктөрү менен төлөп кутулушу керектигин белгилөөдө.

Активист бийлик өкүлдөрүнө өздөрүнүн жеке каражаттарынан ага 440 миң сом төлөп берүүлөрүн сунуштап жатат.

«Эгер казынада акча жок болсо акчамды кимден алам, мамлекет башчы ким? Же мен Ак үйгө чабуул жасап, карыздын ордуна ошону алайынбы?» — деп жазат Гапиров.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Гапировдун көйгөйү боюнча телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартып, мекемеге жазуу түрүндө сурам жөнөтүүбүздү өтүндү.

«Кыйноолор»

Равшан Гапиров басма сөз беттерине жарыялаган билдирүүлөрү менен «улуттар аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2008-жылы кармалган.

Ал тергөө абагында тогуз ай жаткан, андан кийин ага карата бир жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Кийинчерээк экспертиза анын күнөөсү жоктугун далидегенден кийин анын иши токтотулган.

Гапиров камакта кезинде анын ар-намысын кетирген «психологиялык кыйноолорго» кабылганын айтып жатат.

Ал Оштун милициясынан 5 миллион сом, шаардык прокуратурадан 4 миллион жана Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 миллион сом талап кылган.

Анын уулу — Фаррух да — 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңдал маалында массалык башаламандыктарга катышып, ок-дарыларды сактап жана алып жүргөндүгү үчүн кармалганда кыйноолорго дуушар болгондугун билдирген.

Фаррух Гапиров 2010-жылдын октябрында эле акталган. Ал эркиндикке чыккандан кийин шаардык милиция менен Ош прокуратурасынан 10 миллион сом талап кылган.

2012-жылдын мартында Ош шаардык соту Гапировдордун доосун толук эмес канааттандырган — улуусуна 200 миң сом, кичүүсүнө 240 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык » радиосунун сайтынан алынды