Жогорку сот «ата-журтчу» депутаттардын сотун 23-июлга жылдырды

dorogaпп

Бүгүн, 16-июлда Жогорку сотто «Ата-Журттун» үч депутатынын иши боюнча сот отурум болмок. Акталган депутаттардын сотко келбегендигине байланыштуу соттук коллегиянын чечими менен жыйын 23-июлга жылдырылды.

Жогорку соттун соттук коллегиясы бүгүнкү отурумда оппозиционерлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго карата чыгарылган актоо өкүмү менен макул болбогон Башкы прокуратуранын доо арызын карашы керек болчу.

Буга чейин айыптоочу тарап саясатчыларга карата чыгарылган актоо өкүмү басымдардын астында чыгарылганын билдирген.

«Ал актоо өкүмү соттук коллегия тарабынан, аларга сот залы менен  Бишкек шаардык сотунун жанындагы адамдардын басымы астында чыгарылган. Өкүм чыныгы шарттарга дал келбейт жана кылмыш иши боюнча тергөө органдары тарабынан чогултулган далилдерге каршы келет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Анда судьялар чечим чыгаруу маалында басым жасалгандыгы жөнүндөгү маалыматты четке кагышкан.

Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов сотто акталган депутаттардын жоктугуна байланыштуу сот отурумунун жылдырылышын өтүндү.

«Биз жактоого алган адамдар сотко келмейинче отурумду өткөрүүгө болбойт», — деп билдирди ал.

Судьянын сот жообуна тартылып жаткан депутаттардын кайсы жерде экендиги жөнүндө берилген суроосуна жактоочу Айткулов аны тактоого «убакыт керек» экендигин айтты.

Көпкө созулбаган кеңешмеден соң сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

«Кийинки отурум 23-июлда болот», — деди төрагалык кылып жаткан судья Жакып Абдрахманов.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө жактоочулар аларга Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнүн орус тилинде берилишин жана буга чейин чыгарылган өкүмдүн орусчага которулушун да өтүнүштү.

«Ташиевге күнөөсү орус тилинде уктурулган. Процесс эки тилде өттү. Бирок өкүм кыргызча жазылган. Мен өкүмдү которуу зарыл деген өтүнүчтү колдойм», — деди жактоочу Айткулов.

«Ошондой эле бизге [жактоочуларга] Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн беришкен жок. А мыйзам боюнча сот башталаардын алдында биз аны менен таанышып чыгышыбыз керек болчу. Бул үчүн да убакыт керек», – деп кошумчалады ал.

Бишкек шаардык соту июндун аягында оппозиционерлерди күнөөлүү эмес деп тапкан — алар 2012-жылдын күзүндө өткөн митингде бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп айыптышкан.  Аларды сот залынан эркиндикке чыгарышкан.

Судья өз чечимин прокурор тарабынан тагылып жаткан айыптарда кылмыштын курамынын жоктугу менен түшүндүргөн.

«Ата-Журттун» лидерлери «күч колдонуп бийликти басып алуу» беренеси боюнча акталып, аларга карата «эл алдында конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыктарын айттуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулган.

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор «Кумтөр» алтын кенинин улутташтыруу талабы менен 2012-жылдын апрелинде өткөн митингдин жүрүшүндө «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышкан.

Автор: Хлоя Гейне