Ош: Имам Аль-Бухари атындагы Алай мечитинде кыздарды турмушка даярдоо курсу ачылат

DSC_0109

Кыргызстанда Ош шаарында биринчи жолу кыздарды турмушка даярдоочу окуу курсу ачылат.  Бул үчүн Имам Аль-Бухари атындагы  Алай мечитине  кошо имарат курулууда. Курулуш  иштери Орозо айынын аякташына бүткөрүлүп, Курбан айт майрамында  пайдаланууга берилет.

Бул демилгенин ээси  Ош шаарынын  казысы  Убайдулла ажы Сарыбаев төмөнкүлөрдү айты:

Ош шаарынын  казысы  Убайдулла ажы Сарыбаев
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев

“Ош шаарындагы Имам Аль-Бухари атындагы Алай мечитинде биринчи жолу аялдар үчүн мечит  ачылат. Мечит эки кабат болуп, биринчи кабаты аялдардын гусулкаана жана даараткаанасы болот.  Ал эми экинчи кабаты жаңы турмуш босогосуна аттанган кыздарыбыз үчүн  турмушка даярдоо курсу  болот. Мечитин алкагында чоң программа түзүлүп, иштеп жатабыз. Курулуш иштери Курбан айт майрамына бүткөрүлгөнү турат.

Окутуу курсунун максаты - азыркы коомдо нике, үй-бүлө маселеси, үй-бүлөдөгү аял-эркектин жана кайын эне - кайын атанын орду жөнүндө маалымат берүү. Курсту  акысыз жүргүзүү маселесин да карап жатабыз. Сабак өткөн эжейлерге айлык төлөп берилет. Алардын билими жетиштүү, бирок даярдоо курстарына да окутабыз. Курста кыздарыбызга адилетүүлүк маселеси, турмушка чыккандан кийин эки ата-энелүү болушат,  аларга адилетүүлүк менен мамиле жасоо, урмат-сый көрсөтүү маселеси үйрөтүлөт. Эң биринчи - аял кишинин өздүк, уйдөгү жана тышкы тазлыкты окутулуп үйрөтүлөт”,- деди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Курулуп жаткан аялдар мечити
Курулуп жаткан аялдар мечити

Ош шаардык казыятынын алдындагы аялдардын “Ыйман бакыт” коомунун төрайымы  Жамийла  Жапашева курстун зарыл экенин белгиледи.

“Окутуунун  максаты  - аял кишинин өздүк жана жан дүйнө  тазалыгын үйрөтүү. Ошондой эле,  өзүнө   өмүрлүк жолдошту  туура  тандоону, кыз бала турмушка чыгардын астында эмнелерди билүүсү керек экендигин, үй бүлөнү  кантип сактап калуу керектигин үйрөнүшөт.  Бала тарбиялоо жөнүндө  да окутулмакчы. Коомдо ажырашуулардын көп болуп жаткандыгынан, кыздардын жашы өтүп калгандан кийин  турмушка  чыгууну каалабай калуусуна  эмне себеп болуп жаткандыгы, ушул сыяктуу көрүнөштөрдөн улам бул курсту ачалы деп чечтик”,-деди  Жамийла Жапашова.

Ош шаардык казыятынын алдындагы аялдардын “Ыйман бакыт” коомунун төрайымы  Жамийла  Жапашева
Ош шаардык казыятынын алдындагы аялдардын “Ыйман бакыт” коомунун төрайымы Жамийла Жапашева

Коомчулукта бул демилгени колдогондор жана колдобогондор да бар.

Ош  шаарынын тургуну, пенсионер  Малике Ашимова  бул окуу жайдын ачылышын туура көрөт.

“Мындай окуу курсунун ачылганы жакшы. Кыздарды турмушка даярдоо  ата-эненин милдети. Бирок кызды турмушка даярдамак тургай өздөрү  билбеген ата-энелер да бар. Биз  Совет мезгилде дин боюнча билим алуудан коркчубуз . Бизге ал убакта кысым көрсөтүлчү. Азыркы жаштарды  эч ким окугула же окубагыла дебейт. Кыз балага эң биринчи үй-бүлөлүк бакыт керек. Мусулман болуп жаралдыкпы бизге бул керек”,- дейт Малике  Ашимова.

Ал эми Оштук мугалим Улан  Алымкулов  бул окуу жайдын ачылышына каршы пикирде.

“Мындай окутуунун кереги жок. Ансыз деле жаштар динге берилип кетип, башка окууларды унутуп калат деп корком. Бардык нерсе адамдын жөндөмдүүлүгүнө жараша, турмушка даярдыкты үйдөн деле  үйрөнүп алса болот.  Кыз балага, албетте, энеси уйрөткөнү жакшы. Бул эне менен кызынын ортосундагы мамилелерди жакындатат”,- дейт Улан Алымкулов.

Оштогу аялдар мечитинин ички курулушу
Оштогу аялдар мечитинин ички курулушу

 

Ош шаарынын казысы Убайдылла ажы Сарыбаев кыздарды турмушка даярдоо курсу боюнча демилгени жогорку окуу жайлардагы студент кыздар колдогонун кошумчалады.

Айтымында, аялдар үчүн мечиттин курулушу жана турмушка даярдоочу курс Орто-Азия мамлекеттеринде  алгачкы болуп ишке ашырылып жатат.Окуу курсу акысыз жүргүзүлөрү болжонууда. Окуу мөөнөтү 1же 2 ай болуп, анда жалаң эле жоолук оронгон кыздарды эмес,  туруктуу  үй бүлө күтүүнү максат кылган бардык кыздар окууса  болот. Окутуу бийлик жана муфтият тарбынан колдоо тапкан.

 

Автор: Гүлзада Тешебаева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева