Жай. Жайлоо. Кымыз...

а

Жайкысын  кымыз, саамал ичип, ден соолугун чыңдаганы жайлоого баргандар арбын. Бээни 5 маал саап, сүтүн саамал кылып жылуусунда куюп берип, калганын чаначта ачытып кымыз даярдоо түйшүгү да оңой эмес дейт жайлоо турмушуна бышкандар.

Алай районунун Таш-Короо айылындагы Арстанбек Модуевдердин үй-бүлөсү жылда жайкысын Чыйырчык жайлоосун жайлайт.

“Илгери жайлоого атамдар чыкчу эле. Азыр мен үй-бүлөм менен чыгам. Жайлоонун  да түйшүгү күч. Бээ саап, аны кымыз жасоо да оңой эмес. Бизге саамал жана кымыз  ичкени келишет. Саамал ичкендерге күнүнө 5 маал беребиз, ал эми каалагандар  кымыз ичип кетишет“,- дейт Арстанбек Модуев.

б

1

2

3

4

5

Саамал ичкени көбүнчө шаардан үй-бүлөлөрү менен, ал гана эмес студенттер  да келишет экен.

“Саамал ичкендерди “саамалчылар” деп атайбыз.  Бизге жылына  15 -20, кээде андан да көп саамалчылар келишет. Каалагандар бир нече күн жүрүп кетишет. Жыл сайын келип саамал ичкендер менен биз туугандардай эле жакын болуп калганбыз“,- дейт саанчы Элнура Эрматова.

6

7

9

10

11

Кымыз - бээнин  сүтүнөн даярдалат. Аны даярдоонун өзүнчө түйшөлткөн түйшүктөрү бар.   Бээни бир күндө беш маал саайт. Чөп күчтүү убагында 6 маал  саалат. Саап  алынган сүттү - кымызды бышуу  үчүн чаначка куюлат. Ал эми кымыздын уюткусу - көрөңгө деп аталып, ал уйдун сүтүнөн даярдалат. Сүт  чаначка куюлгандан кийин бишкек  менен көпкө бышылат. Чанач  эчкинин  терисинен даярдалат, ал эми  көп бээ саагандар торпоктун терисинен жасатышат.

Бээни ар сааган сайын чаначка сүттү чыпкалап куюп, бышылып турат. Кымыз бир  суткада  ачытылып даяр болот.  Кымызды жетимиш ооруга дары деп айтылып келет элибизде”,- деди Элнура айым.

Ош шаарынан Саламат Закирова жайлоого ден-соолугун чыңдоо үчүн барганын айтат:

”Мен жайлоого саамал ичкени келдим. 2 күн болду. Саамалдын дарылык күчү зор дешкенин угуп келдим. Өзүм онкологиялык учетто турам. Азыр абалым жакшы. Дары-дармек ичсем ашказаным ооруйт эле, минтип бээнин сүтүн ичкенден бери жакшымын. Жакшы болуп кетейин деп келдим”,- деди Саламат Закирова.

13

16

17

18

19

Автор: Гүлзада Тешебаева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева