Кол килем: унутулуп бараткан кол өнөрчүлүк

DSC_0205

Акыркы 20 жыл аралыгында кол килем согуу унутулуп баратканын айтышат уздар. Табигый жүндөн жасалган кол килемге чет өлкөлүктөрдөн суроо-талап түшө баштаганы, бул кол өнөрчүлүк кайра жандана баштаган.

 

Ош шаарынын тургуну Гүлбара Мурзаканова Чоң-Алайда туулгандыктан кол килем согууну бала кезинен үйрөнгөн. Өзүнүн беш баласына баарына кол килем жасаган. Эгер буюртма болсо, башкаларга да согуп берет. Бир нече жылдар бою кол килем ишин токтотуп койгону менен, чет өлкөлүктөрдөн буюртма түшө баштап, эми кайра ишин улантып жатканын айтат.

Кол килемди зыянкечтерден коргоо
Кол килемди зыянкечтерден коргоо

“Чет  өлкөлүктөр колдо жасалган нерсени баалашат экен. Килем оор болгондуктан, алар чаканыраактарын сатып алат. Чет жакка биз соккон 10дон ашуун кол килемдерди алып кетишти. Документтерин өздөрү  даярдашат”,-дейт килемчи Гүлбара Мурзаканова.

Азыр кол килем согууну жаштардын көпчүлүгү билбегенине токтолот. Жаштар чет жакка иштегени кеткенден көрө, бул жерде деле кол килем согуп акча тапса болоорун айтат.

“Анткен менен кол килем жасоонун түйшүгү да оор. Ишке чакырып жарыя бергенбиз. Бир айдан бери тажрыйбалуу чебер табылбайт. Айыл жергесинде уз-чеберлер да бар. Бирок алардын өңчөйү улуу муундагылар. Азыркы жаштар  ийик эмне  экендигин да билишпейт. Жаштар келгени менен туруктуу иштебейт ”,-дейт Гүлбара Мурзаканова.

Килем жасоочу  аспаптарды чебер айымдын жолдошу үй шартында жасайт, сырттан да сатып алышат экен.

“Кытайга  жүн ийрүүчү  станок буюртма бергенбиз. Жакынкы убакта келип калат“,-дейт чебер.

“Кырк кытай” же “боорсок” көчөтү
“Кырк кытай” же “боорсок” көчөтү

Килемге жүндү атайын Чоң-Алайдан алып келишет. Кол килемди сактоо үчүн жаңгактын жалбырагын жана “Антимоль” деген дарыны  курттардан сактоо үчүн пайдаланышат.

Чебер белгилегендей, кол килемге түшүрүлүчү көчөттөрдүн түрлөрү көп. Ал өзү “жылдызча” жана “кырк кытай” деген көчөттөрдү жактырат.

“Кырк кытай” көчөтү- бул Кытайлыктарга байланышып кетет экен. Ошол  үчүн мен аны  кыпкыргызча эле “боорсок “ деп атап койдум”,- дейт Гүлбара айым.

Чебер кол килем жасоонун жол-жобосун бизге баяндап берди:

Табигый жүндөн ийрилген жип
Табигый жүндөн ийрилген жип

“Кол килемди жасоодо кой жүнүнүн сапаттуусун тандап алынат. Жүн таза жууп, кургатылат. Кургаган жүндү тазалап, ийик менен жип ийрилет. Жип түрдүү түстөргө боёлот. Килемге табигый жана каражат колдонуп түс берилет. Жипти жүгүртүп, килемге даярдап, бетине көчөт түшүрүлүп, токмок менен токмоктолот. Анан согулуп баштайт. Килемдин өлчөмүнө жараша 1-3 адам иштейт. Бир килем согуу үчүн бир айга жакын убакыт кетет”,- деди Г.Мурзаканова.

Кол килем өлкөнүн түштүгүндө – Чоң-Алай, Баткен, Лейлекте көбүрөөк согулат.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева