«Азия Микс» Юрмаладагы «КиВиНдин» гала-концертине өтпөй калды

aziya-miks-na-kivine

Кыргызстандын «Азия Микс» КВН командасы Юрмалада өтө турган «Голосящий КиВиН 2013түн» редакторлук тандоосунан өтпөй калды. Фестивалдын калыстар тобу командага «бир аз гана амалдуулук» жетпей калды деген чечимге келди.

Бишкектин «Азия Микс» командасы КиВиН музыкалык фестивалынын редакторлорунун тандоосунан өтпөй калды — деп жазылган КВНдин расмий сайтында.

«Өтө реквизиттүү, өтө кызыктуу, улуттук жана командалык фишкалары менен. Бирок балдарга кичине гана амалдуулук жетишпей калды. Тилекке каршы Гала-концертке өтпөй калышты», — деп жазылган редакторлук тандап алуу жөнүндө КВНдин сайтында.

«Азия Микс» командасы быйыл 16-январда да Жогорку лигага тандап алуу үчүн Сочиде өткөн “КиВиН 2013” фестивалына катышкан. Тандоонун жыйынтыгында, «Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасына өткөн.

Жогорку лигада Азия Микс 1/4 финалга чейин жеткен, бул өз кезегинде уникалдуу жеткишкендик болду — анткени тарыхта биринчи жолу Кыргызстандан барган команда ушундай деңгээлде ойноду.

Бирок Жогорку лигадан учуп келгенден кийин Азия Микстин жетекчилиги уюштуруучулар командага Орусия жөнүндө тамашалоого тыюу салгандыктарын айтып даттанышкан.

«Биз булар жөнүндө айткыбыз келген, бирок алар бизге ачык эле «бул силердин акылыңардын иши эмес, алар тууралуу орустар тамашалашсын», деп айтышты», — деген маалымат жыйынында команда капитаны Эльдияр Кененсаров.

Юрмаладагы «Голосящий КиВиН-2013» фестивалында жеңишке жеткен алдыңкы үч команда КВНдин Жогорку лигасына өтө алышат.

Редакторлук тандап алуунун жыйынтыгында, гала-концертке Кемеров облусунун «Кембридж» жана Москва облусундагы Долгопрудный шаарынын «Физтех» командалары илинбей калышкан.

Редакторлук топту КВНдин президенти Александр Масляков жетектейт. Анын курамында КВНдин «СОК» командасынын мурунку оюнчусу Дмитрий Колчин менен «Обычные люди» командасынын мурунку оюнчусу Дмитрий Шпеньковдор бар.

Фестивалга командаларды тандап алуу кечээ, 18-июлда аяктады. Гала-концертке дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 25 команда чакырылган.

«Голосящий КиВиН» — бул Латвиянын Юрмала шаарында жыл сайын өтүүчү КВН командалардын музыкалык фестивалы. «Голосящий КиВиНдин» кадимки КВН оюндарынан айырмасы мында командалар бир гана — музыкалык сынакта ат салышышат.

Калыстар тобу командаларга баа койбойт. Анын ордуна калыстар тобунун мүчөлөрү менен Александр Масляковдун атынан алар чымчык түспөл «КиВиНдерди» атайын сыйлык катары алышат.

Автор: Шерзод Бабакулов