Эс алуу лагерин оңдоого ыктыярчылар көмөктөштү

DSC_0080

Оштон барган  26 ыктыярчы Кара-Алмадагы  боорукердик үйүнүн эскилиги жеткен “Жеткинчек” лагеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, аны менен кошо эс алышты.

Амангелди Зиядилла уулу Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айлындагы мектепте 7-класска көчтү. Ал Жалал-Абаддын Сузак районундагы “Жеткинчек” лагеринин эски коттедждерин оңдоо  үчүн ыктыярчы болуп барган.

Ыктыярчы Амангелди Зиядилла уулу
Ыктыярчы Амангелди Зиядилла уулу

“Мен мында өз каалоом менен келдим. Өзүм курдуулар менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Иштегенче эле бул жерден көп досторду артырдым. Көпчүлүктүн астында тартынбай сүйлөгөндү да үйрөндүм“-, деди Амангелди.

Ыктыярчылар Ош шаарындагы 8-10-класстардын окуучулары. Баары 26. Алар 10 күн ичинде эс алуу лагеринин коттедждеринин чатырын жаңылап, терезелерин жууп, дубалын актап, тазалашты.

Бул лагерде Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн 34 тарбиялануучусу башка балдар менен кошо эс алууда. Алар ыктыярчыларга кол кабыш кылып, өз салымдарын кошту.

Лагерде Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн 34 тарбиялануучусу башка балдар менен кошо эс алууда
Лагерде Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн 34 тарбиялануучусу башка балдар менен кошо эс алууда

Лагерде эс алып жаткан 6 жаштагы Каныкей Коргонбай кызы чоңойсо ыктыярчы болом дейт. Себеби, ыктыярчылар жумуштан сырткары убагында сүрөт тартуу, бий бийлөө боюнча окутууларды өткөрүп, эс алып жүргөн балдарды таасирлентиптир.

Балдар үйүнүн жайкы лагерине жаш ыктыярчылар тарабынан биринчи жолу жардам берилип жаткандыгын белгилейт “Жеткинчек” лагеринин жетекчиси Чынара Жабирова.

“Негизинен,  балдар үйүнө ар түрдү кайрымдуулук иштери тез-тез берилип турат. Бирок, лагердин ондоп-түзөө иштери ыктыярчылар тарабынан биринчи жолу болууда. “Жеткинчек” лагеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери ремонт иштери болгон эмес эле. Актоо жана сырдоо иштери да болгон эмес. Биздин коттедждерибиз эскирип, кээ бирлери авариялык абалга келип калган эле”-, деди Чынара Жабирова.

“Жеткинчек” лагеринин жетекчиси Чынара Жабирова
“Жеткинчек” лагеринин жетекчиси Чынара Жабирова

Ыктыярчылардын менеджери  Асель Абдураимова 9-19-июлга чейин балдар өз күчү менен коттедждердин чатырын жаңылаганга , актап-сырдаганга жетишишкенин айтат. Бул аралыкта ыктыярчылар менен эс алган балдар мамыр-жумур болуп кетишкен.

“Алгачкы 3күндөлагерде эс алып жаткан балдар бизге көнө алышпады. Азыр болсо бизди кетпегилечи деп суранышат. Биз да аларга көнүп калдык эле. Ыктыярчылар бош убатыларында балдарга ар түрдү тренингдерди, сүрөт тартуу, бий бийлөө конкурстарын өткөрүштү”-, деди А.Абдураимова.

Ыктыярчылардын менеджери  Асель Абдураимова
Ыктыярчылардын менеджери Асель Абдураимова

Ыктыярчылык эмгек лагери USAID тарабынан каржыланды, демилге “Youth of Osh” коомдук бирикмесиники. Долбоор эл аралык жаштар фондунун “Jasa.kg” программасынын алкагында ишке ашырылды.

Автор: Гүлзада Тешебаева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева