Аймактан жазылган кат: Нарын облусундагы суу жетишсиздиги

100-0080_IMG-600x450

Нарын облусунун жашоочусу Уулбек Татыбекова өз катында таза суунун жоктугунан улам айылдаштары кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын жазган.

Нарын облусунун Баетов айыл башкармалыгы деңиз деңгээлинен 1900-1960 метр бийиктикте жайгашкан, ошондуктан бул жактын климаты кескин континенталдуу деп эсептелинет. Баетов айылынын жашоочулары малчылык жана бир аз өсүмдүк өстүрүүдөн башка эч нерсе менен алектене алышпайт. А айылда болсо 11 850 киши жашайт.

Баетов айылында үлүш катары 1200 гектар жер аянты бөлүштүрүлгөн. Негизинен биз буудай жана көп жылдык чөптөрдү өстүрөбүз. 250 гектар короо жай аянтына жер-жемиштерди көбүрөөк себүүгө аракет кылабыз. Бирок мунун баарын кылуу кыйындыкка турат, анткени биздин аймакта сугат суусу жетишсиз.

Негизинен биз жерди сугарууга жаздын келиши менен мөңгүлөрдөн агып түшкөн сууну пайдаланабыз. Бирок күндүн жылышы менен ал азайып кетет, а жайдын эң ысык күндөрү мөңгү суусу таптакыр эле жок болуп калат. Бул мезгил аралыгында сугат үлүш жерлеринин айынан калк арасында канча чыр чыгаарын көз алдыга келтирүү мүмкүн эмес!

Сугат суусунун жетишпегендиги аз келгенсип, акыркы жылдары ичүүчү суу менен да көп кыйынчылыктар болууда. Скважиналардын жарактан чыккандыгына байланыштуу бизде 7-8 жылдан бери таза суу жок. Мунун бардыгы Баетовдун жашоочуларын тынымсыз турмуш-тиричилик кыйынчылыктарына жана чечилгис көйгөйлөргө алып келди….

Дал таза суунун жетишсиздигинен улам санитария менен гигиенанын жөнөкөй нормаларын сактоого мүмкүн эмес болууда. Бул балдардын арасында гепатит сыяктуу жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө таасирин тийгизип жатат деп болжолдоп атабыз.

Бирок үмүтсүз жашоого болбойт эмеспи. Үмүтүбүздү Баетов айылынын өзүндө жана анын түштүк тарабындагы айыл өкмөттөрүнө жакын тоолордогу Совет доорунда курулуп, учурда иштебеген скважиналардын оңдолуп, калыбына келтирилиши менен байланыштырып жатабыз.

Эгер андай болсо биздин турмуш-тиричилигибиздеги көптөгөн көйгөйлөрүбүз чечилмек. Биринчиден, учурда үлүштөгү жерлерди сугаруунун жеңилдеши жана айдоого жарактуу болгон жаңы жерлерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Экинчиден, ичүүчү таза суу менен камсыз болобуз, бул албетте сөзсүз түрдө жугуштуу оорулардын азайышына алып келет. Бирок эң негизгиси, турак үйлөрдүн жер астындагы суулар тарабынан кыйратылышы токтойт.

Кеп мындай, скважиналар тарабынан сордурулбаган жер сыртына жакын жайгашкан суу күн өткөн сайын жогору көтөрүлүп, акыркы жылдары айдоо талааларына гана эмес турак үйлөргө да олуттуу зыяндарды алып келип жатат.

Эл бул скважиналардын калыбына келтирилишине абдан эле кызыкдар, ал үчүн акчалай салым кошууга да даяр. Бирок ошентсе да оңдоо иштерине акча жетпейт. Дал ошондуктан биз чындамсыздык менен жардам күтүп жатабыз...

Текстин түп нускасы «Зомбулукка каршы биргеликте» блогунан алынды