Элдик эпчилдер: Уурдалган унаанын кайсыл жерде экенин кантип билсе болот

pogran

Популярдуу «Дизель» интернет-форумунун skt деген ысым менен катталган колдонуучусу арзан телефон, сим-карта жана кубаттагычтын жардамы менен унаанын кайсыл жерде экендигин кантип аныктаса болоору тууралуу жазган.

Унаанын же скутердин кайсыл жерде экендигин аныктоо үчүн GSM көзөмөлдөөчүнү орнотуу боюнча мага жакшы ой келди. Буга көп деле каражат менен убакыт коробойт. Ал үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:

  1. Эски телефон. Керек болуп калышы мүмкүн деп телефондун IMEI-кодун да жазып алабыз;
  2. Телефон үчүн унаа кубаттагычы;
  3. «Кайсыл жердесиң» кызматына туташкан «Мегакомдун» сим-картасы.

Телефонду унаа аккумуляторундагы унаа кубаттагычына байланыштырабыз.

Кубаттагычка туташтырылган зымдары көрүнбөгөндөй кылып телефонду унаадагы же скутердеги анча көзгө илинбеген оолак жерге бекитебиз.

Телефондон «түрдүү дырылдаган үндөрдүн чыкпашы» үчүн аны магнитофон менен динамиктерден алыс орнотуп, телефондун үнү менен вибрациясын өчүрөбүз.

Эгер кара ниеттер транспорт каражатыңызга ээлик кылып айдап кетишсе «Кайсыл жердесиң» кызматы аркылуу унаага орнотулган телефон номурду көрсөтүп USSD сурам жөнөтүңүз.

Андан соң силерге унааңыздын болжолдуу түрдө кайсыл жерде экендиги тууралуу электрондук картада көрсөтүлгөн SMS-билдирүү келет.

Кайсыл жерде экендигин шаар ичинде аныктоодогу тактык 200 метрден 700 метрди, айылдарда – 250 метрден 3 чакырымга чейинки аралыкты, ал эми ачык жол жээктеринде 1 чакырымдан 25 чакырымга чейинки аралыкты түзөт.

Унаанын аккумуляторун өчүрүп салышкан күндө да телефон өз кубаты менен автономдуу режимде эң аз дегенде дагы 3 күн иштейт.

Бул албетте GPS-сигнализация эмес, бирок эч нерсе жок болгонго караганда мунун жакшы жана өтө арзан экендигине макул болот болушуңар керек. Эгер бардыгын сатып алса болгону 700 сомдой эле каражат коройт.