Кудайдын алкышын да, каргышын да алган анжир дарагы

4

Ош облусунун Араван  айылында жашаган Пашахан ажы анжир өстүрүп  үй-бүлөсүн багат. 5 сотых жеринде 100 түп анжири бар. Ар бир түбүнөн жылына 1-2 миң сомдон киреше алат.  Чыгашасы дээрлик жок. Болгону 300-500 сомдук дары сатып алат.

Пашахан ажы анжир өстүрүүнүн сырын төрөлгөндөн баштап эле билет. Ата-бабасынын багбанчылык кесибин улантып келет. Айтымында, анжирдин бир нече түрү бар.  Кытайда сары, Аравияда  кара, Ферганада кызыл түрлөрү өсөт, ал эми Ош аймагында баарын өстүрүүгө болот дейт.

18

16

 

15

“5  кыл анжир бар: көк,кызыл,кара,сары,майда анжир. Кеч күздө сууктан сакташ  үчүн анжир дарагын жерге көмөбүз. Кыш чыгып, март-апрель айларында ачабыз. Анжир жылына эки жолу мөмө берет. Биринчи мөмөсү 1-июлдан баштап бышат. Ал  эми экинчи түшүмүн августту ортолоп жыйнайбыз”,-деди Пашахан ажы.

12

3

5

Анжир менен диета кармоого болот. Ал 72 ооруга дабаа болорун, элдик медицинада кургатылган кагын дары катары колдонуп жүрүшкөнүн айтат ажы.

8

9

“Мисалы, бөйрөк шамалдаганда, деми кысылганда  анжирдин 4 даана кагын 1 литр сууга салып, 2 чай пиала калганча кайнатып ичсе, дабаа болот. Суук тийгенде жана бронхитке да жардам берет. Жалбырагы  да пайдалуу,  сындырганда сүт чыгат, аны денедеги жараага койсо, айыктырат. Аары чаккан учурда сүйкөп койсо, шишибей калат”,-дейт багбан ажы.

10

11

Аллергиясы барларга анжир сунушталбайт. Күнүнө бир-эки  даана жесе болот, андан ашыгы тилди жарат. Ширеси көптүгүнө карабай, кант диабети дарты барлар да жесе болот.

“Анжир - бейиш дарагы” деп айтылат. Бул тууралуу уламышты бизге Пашахан ажы айтып берди:

“Адам ата менен  Обо эне жаннатта шайтандын сөзүнө кирип, Кудай тыюу салган алманы жеп, энеден туума жыланач болуп калганда,  өздөрүн жабыш үчүн  дарактардан жалбырак сурашат. Эч бир дарак жалбырагынан бербептир. Анан анжир дарагы Кудайдын урматына деп, Адам ата, Обо энеге жалбырагын бериптир. Шайтандын сөзүнө киргендерге эмне үчүн жалбырагыңдан  бердин деп Кудай сураса,  анжир: “Сен аларды өзүң сүйүп жараткансың, сенин урматыңа аларга жалбырагымдан бердим”,-дептир.

Анда Кудай: “Менин урматыма берген болсон, 72 кыл ооруга  дабаа  бол. Мен каршы болгонго жалбырагыңды бергендигин үчүн, сага жаза - түбөлүк гүлдөбөй,  мөмө ал!”,-деген экен. Гүлдөбөй мөмө алганы - бул  Кудайдын жазасы экен”,- деди Пашахан ажы.

1-сурот

Анжир эң байыркы өсүмдүктөрдүн бири. Ал Орто Азия, Крым, Грузия, Жер ортолук деңиз бойлогон өлкөлөрдө, Армения жана Кавказда өсөт.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөрү автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева