Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан өзбек чек арачысы каза болду

pogran

Өзбек чек арачысы 23-июль күнү, кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосундагы Жалал-Абад облусунда болгон атышуунун жүрүшүндө каза болду. Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, атышууга өзбек чек ара нарядынын коңшу өлкөнүн аймагына «мыйзамсыз кириши» себеп болгон.

Чыр Кыргызстандын чек арачылары Жалал-Абад облусунун Жетзагара деген жеринен өлкө аймагына «мыйзамсыз кирген» Өзбекстандын үч аскер кызматкерин көрүп калгандан кийин башталган.

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер кызматкерлеринин өлкө аймагынан чыгып кетүүлөрүн талап кылышкан.

Кыргыз чек арачыларынын айтымдарында, өзбек аскерлери алардын талаптарына карабастан кайым айтышуга өтүшүп, ал кийин атышууга чейин жеткен.

«Кыргыз чек ара нарядына карата Өзбекстандын чек арачылары биринчилерден болуп курал колдонушкан. Атышуунун жүрүшүндө Өзбекстандын чек арачыларынын бири каза болуп, дагы бир өзбек аскер кызматкери жарат алган. Кыргыз тарапта жабыр тарткандар жок», — деп билдирди Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Учурда окуя болгон жерде Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын офицерлеринен турган топ иштеп жатат.

Коргоо жана чек аралардын коопсуздугу маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов жергиликтүү маалымат агенттиктерине берген маегинде бул окуя боюнча кызматтык тергөөнүн башталгандыгы жөнүндө билдирген.

«Окуя боюнча расмий Ташкент өз позициясын билдире элек. Өзбек тараптагыдай эле бизде да тергөө жүрүп жатат. Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек ара аскерлигинин аймактык башкармалыгынын жетекчилери чыгып кетишти», — деп жазган «К-Ньюс» маалымат агенттиги Мамытовдун айткандарын.

Азырынча Kloop.kgнин кабарчылары окуя боюнча өзбек тараптын версиясын угуу үчүн Өзбекстандын бийлиги менен байланыша алган жок.

Автор: Карина Жолдошева