Кыргызстан Өзбекстандын каза болгон чек арачылары үчүн кечирим сураганын четке кагууда

ik-crash

Кыргызстандын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусундагы чек ара участогунда каза болгон өзбек чек арачыларынын өлүмү үчүн кечирим сурагандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Окуя 23-июль күнү Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы чек ара участкасында болгон, анын жыйынтыгында Кыргызстандын чек арачылары өзбекстандык эки кесиптешин атып салышкан.

Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан чек арачылары өлкө аймагына мыйзамсыз киргендиктери үчүн атылгандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылып жатканда өзбек ММКлары кыргыз чек арачылары мас абалында болгондуктарын жана өзбек чек ара отрядына карата   «жөндөн-жөн эле ок» чыгаргандыктарын билдиришүүдө.

Жалпысынан окуянын жыйынтыгында эки өзбек чек арачысы — бири дароо окуя болгон жерде, экинчиси эртеси күнү каза болгон.

Өлкөлөр ортосундагы маалыматтык согуштун жүрүшүндө Өзбекстандын ММКлары өзбек чек арачыларынын өлүмү үчүн Кыргызстан кечирим сурагандыгы жөнүндө маалымат таратып жиберишти.

Бирок Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалыматты толугу менен четке кагууда.

«Кыргызстан эч кандай кечирим сураган жок», — деди 24-июль күнү кечинде Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Буга чейин Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде каза болгон өзбек чек арачыларынын каны Кыргызстандын аймагында табылгандыгын билдирген.

Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башчысы Абдукарим Алимбаев окуя болгондон көп өтпөй өзбек кесиптештери менен жолугуп, көңүл айтып, бирок кечирим сурабагандыгын ырастады.

Ал өзбек ММКларынын мындай билдирүүлөрүн «саясий буйрутма» деп атады.

Автор: Бектур Искендер

Сүрөттө кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл өткөрмө пункту