Ысык-Көл: Кичи автобус бакка сүзүлүп 12 жүргүнчү каза болду [+ күбө адамдан жаңы маалымат]

2013-07-23_karakol-crash

Каракол шаарынан алыс эмес жерде кичи автобус жогорку ылдамдыкта бара жатып бакка сүзүлүп, жыйынтыгында 12 жүргүнчүсү каза болду. Дарыгерлердин маалыматтары боюнча, кырсыктан 7 киши аман калган.

Кырсык 23-июль күнү кечинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кытай айылынан алыс эмес жерде болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдирген болжолдуу версия боюнча, кичи автобустун айдоочусу унааны башкара албай калып, жол жээгиндеги бакка барып сүзүлгөн.

ӨКМдин өкүлү Kloop.kgнин журналистине кичи автобус жогорку ылдамдыкта бара жатканын билдирди.

Кичи автобуста канча жүргүнчү бар болгондугу боюнча түрдүү булактар түрдүү маалыматтарды берип жатышат. Бирок ӨКМ менен дарыгерлер 12 киши каза болгондугун так айтып жатышат.

ӨКМдин маалыматы боюнча, беш киши жабыр тарткан, а Ысык-Көл облустук ооруканасынын билдирүүсү боюнча жети киши жабырланган.

Он жүргүнчү кырсык болгон жерде эле каза болушкан, дагы экөөсү ооруканага бара жатканда жолдон көз жумушкан.

Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Токторбай Исраилов Kloop.kgге берген маегинде аларга жарадар жети адамды жеткиргендиктерин жана төртөөсү реанимацияга жаткырылгандыгын айтты.

Реанимацияга жаткырылгандардын бири жаш бала, анын канча жашта экени так белгисиз.

Kloop.kgнин Жумгал Шериков аттуу окурманы анын жубайы унаа кырсыгынан кийин ал жерде болуп, андагы көрүнүшкө күбө болгондугун билдирди.

«Адамдар жолду бойлой жатышат, аларды катар-катар кылып жаткырып плед менен жаап коюшуптур», — деп ал жубайынын айткандарын кат кылып жазып жөнөткөн.

Анын жубайынын сүрөттөп бергени боюнча, куткаруучуларга каза болгондордун денелери менен жабыр тарткандарды алып чыгуу үчүн кичи автобусту кесүүгө туура келген.

Кырсык болгон жерде сынган чакалар да жаткан — мындан улам аны Каракол менен анын айланасындагы айылдардын бирин байланыштырып турган маршруттук такси деп болжолдоого болот.

Унаа кырсыгы болгон Кытай айылы болжол менен Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын батышында, 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Автор: Бектур Искендер жана Айкерим Молдалиева