Ысык-Көлдөгү кырсык: Каза болгондордун саны 14 адамга жетти

ik-crash

Ысык-Көл облусунда жогорку ылдамдыкта бара жатып бакка сүзүлгөн кичи автобустун дагы эки жүргүнчүсү каза болду. Жалпысынан унаа кырсыгы 14 кишинин өмүрүн алып кетти.

Унаа кырсыгы 23-июль күнү кечинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылынан алыс эмес жерде болгон, анда 19 жүргүнчүсү бар кичи автобус катуу ылдамдыкта бара жатып жол жээгиндеги бакка сүзүлгөн.

Кырсык болгон жерден 10 адам дароо каза болгон, дагы үчөө ошол эле күнү көз жумушкан.

Каза болгондордун тизмесин 24-июль күнү эртең менен дагы бир киши толуктады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун так тизмесин бүгүн жарыялады.

Андан каза болгон жүргүнчүлөрдүн биринин 17 жумалык боюнда бар болгондугу белгилүү болду.

Каза болгондордун тизмеси:

  1. Асанбаева Насыйкат Койчумановна, 1970-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Богатыровка айылы;
  2. Байсеркеев Улан Догдурбаевич, 1980-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Богатыровка айылы;
  3. Нурбек уулу Эрлан, 1997-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Кабак айылы;
  4. Жумалиев Азамат Акылбекович, 1998-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Кабак айылы;
  5. Байдылдаева Айнура Оморовна, 1991-жылы туулган, жашаган жери: Ак-Суу району;
  6. Асанов Жаныбек Жакыевич, 1970-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Кабак айылы (айдоочу);
  7. Калканова Кыял Жекшеновна, 1975-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Кабак айылы;
  8. Тургунбаева Нургүл Абдышевна, 1975-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Кабак айылы (16-17 жумалык боюнда бар болгон);
  9. Поляков Виктор Анатольевич, 1953-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Богатыровка айылы;
  10. Султангазиева Чолпон Сабырбековна, 1971-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Желе-Дөбө айылында туулган;
  11. Мусаев Эсенгул Мусаевич, 1952-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району Чырак айылы;
  12. Мукамбетова Кымбат Болотовна, 1976-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Чырак айылы;
  13. Шмякин Алексей Владимирович, 1963-жылы туулган, жашаган жери: Жети-Өгүз району, Богатыровка айылы;
  14. Шаршеналиева Динара, 1968-жылы туулган.

Тирүү калган жүргүнчүлөр Караколдогу Бириккен облустук ооруканага жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын бешөөсүнүн абалы орто деп бааланып жатат. Бейтаптардын бири эс-уучу жок жатат.

«Жергиликтүү адистер анын баш сөөгүү катуу жабыркап, мээси жогорку деңгээлде кокустаган жана оң балтыры ачык сынган деген диагноз коюшкан », — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине.

Жабыр тарткандардын бири — 5 жаштагы кыз, ал оң акыреги сынып, курсагынын сыздап ооруганынан улам реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Автобусту кесүүгө туура келген

Унаа кырсыгынын расмий себептери азырынча айтыла элек. Кырсыктан көп өтпөй Kloop.kgнин кабарчысы байланышып сүйлөшкөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү кырсыктын келип чыгуусуна кичи автобустун жогорку ылдамдыгы себеп болушу мүмкүндүгүн айтып, болжолдогон.

Kloop.kgнин Жумгал Шериков аттуу окурманы анын жубайы унаа кырсыгынан кийин ал жерде болуп, андагы көрүнүшкө күбө болгондугун билдирди.

«Адамдар жолду бойлой жатышат, аларды катар-катар кылып жаткырып плед менен жаап коюшуптур», — деп ал жубайынын айткандарын кат кылып жазып жөнөткөн.

Анын жубайынын сүрөттөп бергени боюнча, куткаруучуларга каза болгондордун денелери менен жабыр тарткандарды алып чыгуу үчүн кичи автобусту кесүүгө туура келген

Кырсык болгон жерде сынган чакалар да жаткан — мындан улам аны Каракол менен анын айланасындагы айылдардын бирин байланыштырып турган маршруттук такси деп болжолдоого болот.

Унаа кырсыгы болгон Кытай айылы болжол менен Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын батышында, 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Автор: Карина Жолдошева

Сүрөттүн автору: Ысык-Көл ИИБсинин басма сөз кызматы