Рейд: Жол кыймылын бузгандар кармалды, караңгылатылган айнектер тазаланды

4

Бул жылы ушул күнгө Ош шаарында 212 жол кырсыгы катталып,  андан 9 адам каза болгон,  283ү денесинен ар кандай жараат алган. Былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 52ге көп болгон.

Жол кайгуул кызматы кечээ Ош  шаарында “Крутой” деген аталышта рейд өткөрдү.

“Рейд жол кырсыктарынын алдын алуу, машинелердин айнегин караңгылаткандардын, жол кырсыгынын санын азайтуу максатында болду.

Ош  шаарында “Кутой” деген аталышта рейд өттү
Ош шаарында “Крутой” деген аталышта рейд өттү

Статистикага таянсак, 2012-жылы Ош шаарында 160 жол кырсыгы катталган. Андан 12 адам каза болуп, 227 адам жараат алган. Бул жылы ушул күнгө 212 жол кырсыгы катталып, андан 9 адам каза болгон,  283ү жараат алган. Жол кырсыгы  былтыркыга салыштырмалуу 52ге көп катталган”,-деди Ош шаардык Жол кайгуул кызматтынын башчысы Шайырбек Шакиров.

Рейддин жүрүшүнө массалык маалымат каражат өкүлдөрү да күбө болду.

Ош шаардык Жол кайгуул кызматтынын башчысы Шайырбек Шакиров
Ош шаардык Жол кайгуул кызматтынын башчысы Шайырбек Шакиров

Рейд учурунда Honda Odyssey маркасындагы мамлекеттик номери жок автоунаа МАИ кызматкеринин токтотконуна карабай өтө качты. Бул машине айнегин да караңгылатып алган. Ош шаарынын борборунан Озгур кичи шаарчасына чейин артынан кууп барган МАИ кызматкерлерине айдоочу каршылык көрсөтүп, анын  машинеси Ош шаардык жол кайгуул кызматынына алып барылды.

Рейдде айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөндөр, алдыңкы жана арткы номерлери ар түрдүү машинелер болду
Рейдде айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөндөр, алдыңкы жана арткы номерлери ар түрдүү машинелер болду

Рейдде айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөндөр да аныкталды. Айрым машинелердин алдыңкы жана арткы номерлери ар түрдүү болуп чыкты.

Бир сааттай убакытта эле мыйзам бузган 12 автоунаа кармалды. Мындай иш-чаралар ай сайын өткөрүлүп турарын билдирди МАИ башчысы.

Ош шаардык Жол кайгуул кызматтынын башчысы Шайырбек Шакировдун  айтымында, жол кыймылынын шарттарын бузгандарга протокол түзүлүп, шаардык сотко жиберилет.

 

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева