Кыргызстанда төш белги (значок) топтоо менен алектенгендер саналуу гана. Оштук фалерист Абдимиталип Мурзакметовдун коллекциясында 1100дөн ашык төш белги бар. Алардын баарынын тарых-таржымалын зээрикпей айтып берүүгө ынтызар.
Ош шаарынын тургуну Абдимталип Мурзакметов 20 жылдан төш белгилерди (значок) чогултуу менен алектенип келет. Анын бул кызыгуусуна эжесинин 1976-жылы Артек лагеринен алып келген төш белги себеп болуптур. Ошол кезде эжеси экөө тең мектеп окуучусу болгон.
“Ошондогу Аютаг тууралуу төш белги кызыгууму арттырып, мага чоң дүйнөнү ачты.
Значок жыйнаган адам “фалерист” деп аталат. Илгери Грецияда эрдиги менен айырмаланган жоокерлерге төш белгарда муну баланын оюну катары эле карайт. Бирок, бул кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытууга салым кошот. Фалеристика азыр тарых адистигинде окутулбайт”,- дейт фалерист Мурзакметов.
Жогорку окуу жайды аяктаган жылдардан тарта жыйнай баштаган алгачкы төш белгилер топтому 20 даана болсо, азыр 1 миңден ашык болуп калган.
“1993-жылдан бери чогултуп келем. Алгачкы топтомдорум Артек, Ялта, Алушка жана Алубка төш белгилери бар. Мен укпаган шаарларга, аймактарга кызыгып, төш белгинин таржымалын изилдеп келем”,-деди Мурзакметов.
Абдимиталип мырза азыр тарых илиминин кандидаты, этнограф, филолог.
Артек лагеринен алып келген эң алгачкы төш белги - Аютаг уламышын Абдимталип мырза бизге баяндап берди:
“Аюу кызды сүйүп калып аны токойго алып качып кетет. Туткундагы кыз качып кете албайт. Күндөрдүн биринде бул чөлкөмгө келип калган бир жигит кызды кемесине салып жөнөйт. Аны көрүп калган аюу чуркап келип, деңиздин суусун шимире баштайт. Суу менен кошо кеме да артка агып жөнөйт. Анан кыз аюуга жалынып ыйлайт. Аюу экинчи ирет сууну шимире баштаганда, алы кетип, ошол бойдон тура албай жан берет. Ал жер кийин топурака толуп, тоого айланып калат экен”,-дейт фалерист-этнограф.
Крымдагы татарлар “Аютаг” деп атаган тоо бизче “Аюу тоо” деген маанини берет.
Фалерист өзү чогулткан миңден ашык төш белгинин баарынын тарых-таржымалын билет.
Ош шаарында төш белги топто оор дейт. Жакында “Келечек” базарында төш белги саткан жаңы дүкөн ачылып, эми ал жерден да жаңыларын сатып алып, коллекциясына кошорун айтат.
“Кыргызстанда фалеристтер аз. Ошто антиквардык дүкөн эми гана ачылыптыр. Бизге сөзсүз эле акча түшүп туруш керек эмес да. Коллекция чогултуу жан-дүйнөнү байытат. Ошол төш белгилерден шаарлар, улуу инсандар, алгачкы автоунаалар ж.б. жөнүндө кызыктуу маалыматтарды билдим.
Мага досторум, тууган-урук жана балдарым майрамдарда белек катары төш белгилерди беришет. Канадага барып келген досум мага Канаданын символу болгон 4 төш белги алып келиптир. Бул сага гана керек деп күлдүрүп жатпайбы”,- дейт Мурзакметов.
Кыргызстанда төш белгилер аз жасаларын, сапаты да начар экенин белгилейт.
“Мамлекет буга жетишерлик көңүл бурбайт. “Манастын” 1000 жылдыгына арналган төш белги өтө начар чыккан. Майда болгону менен төш белги өлкөнү жарнамалоого чоң салым кошот”,- дейт Абдимиталип мырза.
А. Мурзакметов өлкөлөр, шаарлар, тарых, адабият, эң алгачкы чыккан техникалар, буюмдарга байланыштуу төш белгилерди жыйнап жүрөт. Мындан сырткары 10 миңден ашык открытка, миңдеген раритет китеп топтомдору бар.
Автор: Нургазы Батыров
Сүрөттөр автордуку
Редактор: Гүлзат Газиева