«Игра престолов» сериалы кыргыз тилине которулат

“Игра престолов” сериалынын Кыргызстандагы сүйүүчүсү популярдуу телесериалды кыргыз тилине которуп баштады. Азырынча көрүүчүлөр сериалды мамлекеттик тилдеги субтитрлери менен гана көрө алышат, бирок котормонун демилгечиси каржылык жактан колдоо болсо актердук үн коштоо да болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Кыргызстандык теле- жана радиопродюсер Каарманбек Кулуев популярдуу “Игра престолов” сериалынын биринчи сериясын которуп бүткөндүгүн билдирди.

«Игра престолов — маңызы боюнча, учурдагы дүйнөлүк тренд, ошондой эле сериалдардын арасында хит, эң күтүп көргөн жана кымбат сериалдардын бири. Бул «Эммиде» өтө көп сыйлыкка ээ болгон сериал [...]. Жалпысынан, татыктуу десем болот. Мен көрүп, аны биздин кыргыз тилдүү мекендештерибизге көрсөтсө жакшы болот го деген ойго келдим» — деди Кулуев «Kloop.kgге» берген маегинде.

Айтымында, сериалда кыргыз тилиндеги субтитрлер болот, кийинчерээк алар сүйүүчүлөрдүн үн коштоосуна да алмаштырылышы мүмкүн.

«Сүйүүчүлөрдүн дегеним, анын сапаты начар болбойт — ал сериалдын сүйүүчүлөрү тарабынан жасалган үн коштоо болот», — деп түшүндүрдү ал.

Кулуев сериалдын тематикасы Кыргызстанга өтө «жакын» деп эсептейт.

«Анда Кыргызстан үчүн жакын болгон нерселер өтө көп. Тактап айтканда, анда аймактык бөлүнүү да, саясий интригалар жана кландык система бар», — дейт ал.

«Котормосу бар сериалды сатпайм»

Кулуевде сериалды сатуу ниети жок, анткени айтымында, ал автордук укукту бузуу болуп калат.

«Бул деген ал субтитрлерди оңду-солду көздөй сата берүүгө мүмкүн дегенди билдирбейт, анткени ал үчүн мен котормо кылууга алгач НВО каналынан [америкалык кабелдик канал] уруксат алышым керек. Бирок жеке көрүү үчүн субтитрлерди которууга мүмкүн жана көптөгөн өлкөлөрдө бар. Кыргызстан бул системада катышкан эмес, анан мен: «А эмнеге болбосун? деген ойго келдим» — деп билдирди Кулуев.

«Игра престолов» — жазуучу Джордж Мартиндин «Песнь Льда и Пламени» деген романдар циклинин мотивинде жаралган фантастика жанрындагы драмалык сериал.

«Игра престолов» тасмасынын окуялары орто кылымдагы Европаны элестеткен ойдон чыгарылган дүйнөдө болот.

Сериалда бир эле учурда көптөгөн каармандар бар жана бири-бири менен байланыштуу бир нече сюжеттик линиялар өнүгөт. Алардын бири бир нече таасирлүү үй-бүлөлөрдүн падыша тагы үчүн болгон күрөшүнө арналган.

Телесериалдын көрсөтүлгөн сериялары сынчылардын жогорку кубаттоолоруна ээ болгон, бирок алардын көпчүлүгү тасмадагы кандуу зомбулуктар менен эротикалык учурлардын ашыкча көп экендигин сынга алышкан.

«Игра престолов» бир нече престиждүү сыйлыктарга көрсөтүлгөн, алардын арасында «Эң мыкты драмалык сериал» категориясы боюнча «Эмми» сыйлыгы да бар.

Автор: Карина Жолдошева

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев