Август айынын башына белгиленген Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Роуханинин жолугушуусу сентябрга жылдырылды жана ал Бишкекте өтөт, деп билдирди «Фарс Ньюс» агенттиги. Кыргызстан менен Орусиянын ТИМдери ирандык ММКлардын бул маалыматын ырастаган жок.
Эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөр августтун башында — Владимир Путиндин Иранга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө Тегеранда өтүшү керек болчу, деп жазган «Фарс Ньюс» маалымат агенттиги.
Бирок «Фарс Ньюс» Ирандын Орусиядагы элчилигиндеги булактарына шилтеме жасап билдиргендей, Владимир Путиндин Тегеранга иш-сапары азыркыга белгиленбей эле.
«Болжолдуу макулдашууларга ылайык, Иран менен Орусиянын президенттеринин ортосундагы алгачкы жолугушуу сентябрда Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмундагы өлкө башчыларынын саммитинин жүрүшүндө өтүшү керек», — деп жазган басылма «белгисиз калгысы келген» булагына шилтеме жасап.
Эки өлкө башчыларынын алдыдагы сүйлөшүүлөрү боюнча комментарий алууга Ирандын Кыргызстандагы элчилиги жеткиликсиз болууда.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматтары Путин менен Роуханинин жолугушуулары жөнүндөгү маалыматтарды ырасташкан жок.
Орусиянын өлкө башчысынын басма сөз кызматы «Kloop.kgнин» журналисттеринин сурамына жооп бере элек.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен сүйлөшүүлөрдүн Бишкекте өтүшү мүмкүндүгүнө карабастан алар Орусия менен Ирандын президенттеринин жолугушууларын уюштурууга жооп бербей тургандыктарын билдиришти.
Буга чейин, 25-июлда «Коммерсантъ» гезити Ирандын ТИМи менен Кремлдеги жеке булактарына шилтеме жасап Владимир Путиндин Тегеранга боло турган иш-сапарына даярдыктар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө билдирген. Сапар 12-13-август күндөргө белгиленгендигин жазган гезит.
Кийинчерээк, Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «РИА Новостиге» берген маегинде Путиндин Тегеранга боло турган иш-сапары жөнүндөгү маалыматты ырастаган эмес.
«Көптөгөн иш-сапарлар даярдалып жатат, бирок качан алар макулдашылгандан кийин гана жарыяланат», — деп жазган «РИА» Песковдун айткандарын.
«Фарс Ньюс» агенттиги Ирандын Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Сейед Аббас Аракчи да Путиндин Тегеранга боло турган иш-сапары жөнүндөгү маалыматты ырастабагандыгын билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты
Бул Ирандын жаңы президенти Хасан Роуханинин чет өлкөлүк лидер менен алгачкы жолугушуусу болот.
«Коммерсантъ» гезитинин билдирүүлөрү боюнча, сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири АКШ менен Европа биримдиги каршы болуп жаткан Ирандын ядролук программасынын айланасындагы чырлашуулар жөнүндө болот.
Владимир Путин 2013-жылдын июнунда Иран тараптан «ядролук тармактагы эрежелер сакталып жаткандыгын» билдирген.
«Башкача болуп жаткандыгы жөнүндө эч кандай далилдер жок», — деген Путин ядролук программанын согуштук максаттары жөнүндө айтып жатып.
«Москвадагылар «реформатор Роухани» ядролук программасын талкуулоодо мурунку президенке караганда бир топ эле ийкемдүүрөөк болот деп болжолдоп жатышкандай», — деп жазган «Коммерсанттагы» макаланын автору.
Ирандын буга чейинки президенти Махмуд Ахмадинежаддын саясаты Батыш тараптан бир нече санкциялардын киргизилишине себеп болгон. Алардын бири иран мунайынын Европа биримдигинин аймагына сатылышына тыюу салынган, бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасына кыйла эле терс таасирин тийгизүүдө.
Бирок ички саясий системаны эске алып, ядролук программа боюнча маселелерди чечүүдө президент чектелген укуктарга ээ. Бул маселе боюнча чечүүчү ролду Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи ээлейт.
Роухани менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде аскерий-техникалык кызматташуулар да болушу мүмкүн, тактап айтканда, Дмитрий Медведев президент болуп турган маалда Иранга берүүгө тыюу салынган ракетага каршы коргонуучу С-300дүн ордуна «Антей-2500ди» жеткирүүнү баштоо маселеси козголушу мүмкүн.
«Коммерсантъ» жазгандай, Орусия мындай жол менен Иранды «Рособоронэкспортко» каршы жазылган 4 миллиард АКШ долларлык доо арызын кайрадан кайтарып алуусуна көндүрүүнү пландап жатат.
Эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү пункту «Бушер» атомдук электр станциясынын курулушунун жаңы баскычы болот.
Жаңы президент
Батыш өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы мамилелер начарлап баратканда Хасан Роуханинин президенттикке шайланышы алардын ортосундагы ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайрадан жандануусуна позитивдүү белги катары бааланып жатат.
Акыркы эки жылдын ичинде АКШ менен Европа биримдиги Иранга карата бир катар экономикалык санкцияларды койгон. Орусиялык «Свобода» радиосунун сайтындагы билдирүүлөр боюнча, АКШ Конгрессинин эки палатасы тең Иранга карата экономикалык санкцияларды мындан да күчөтүүгө даяр.
«Жаңы чаралар ирандык курулуш индустриясы менен тоо-кен өнөржайын сырткы дүйнөдөн бөлүп салууга жардам бериши керек. Бул эки тармак тең ирандык революциялык гвардиянын көзөмөлүндө деп эсептелип келет. Конгресс Ирандын мунай секторуна каршы санкцияларды кеңейтүүгө даяр. Максат – 2015-жылга карата Иранды толугу менен дүйнөлүк мунай рыногунан изоляция кылуу», — деп жазат «Свобода».
Өз кезегинде АКШнын президенти Барак Обама жаңы санкциялар Батыш менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүндүгүн айтып, конгрессмендер менен сенаторлорго эскерткен.
Авторлор: Улугбек Акишев жана Айдай Токоева
Сүрөт polittech.org сайтынан алынды