Чиновниктердин кимиси адистиги боюнча иштебейт?

Коргоо кеңешинин мурунку чиновнигинин Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп дайындалышы кыргызстандыктарды таң калтырды — буга чейин ал бул тармакта эч качан иштеген эмес. Kloop.kgнин редакциясы адистиги боюнча учурдагы кызматына таптакыр туура келбеген мамлекеттик мекемелердин башчыларынын тизмесин түзүп көрдү.

Кудайберген Базарбаев, социалдык өнүктүрүү министри

Базарбаев 1982-жылы филология адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

2013-жылы учурдагы кызматына дайындалганга чейин ал бир аз убакыт маданият жана туризм министринин орун басары болуп иштеген, бирок социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров кызматынан четтетилгенден кийин «Ата Мекен» фракциясы мекеменин жаңы башчылыгына Базарбаевди сунуштаган.55543_w300_h207_crop-200x130

Курманбек Бакиев президент болуп турган маалда ал Боршайкомдо иштеген, Аскар Акаевдин учурунда Бишкектин вице-мэри, а бул кызматтардын аралыгында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Жалпыга жеткиликтүү маалыматтар боюнча, Базарбаев өз адистиги менен эч качан иштеген эмес.

Алиясбек Алымкулов, эмгек, миграция жана жаштар министри

Алымкулов 2003-жылы юриспруденция адистиги боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.3029_w300_h207_crop-200x130

2009-жылы ал Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктап, саясат таануучу адистигинин дипломуна ээ болгон.

Алымкулов министрликке 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин дароо дайындалган. Андагы бийлик алмашканга чейин ал мамлекеттик органдарда эч кандай кызматтарда иштеген эмес, негизинен ишкерлик менен алектенип келген

Алмазбек Кадыркулов, Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору

Кадыркулов 1995-жылы экономист адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.1334209455_10609900-200x130

Ал мамлекеттик органдарда 10 жылдан ашык иштеп, дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчылыгынан баштап билим берүү министринин орун басарлыгына чейин бир нече кызмат алмаштырган.

Мурат Саралинов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

Саралинов 1982-жылы соода экономисти адистиги боюнча Самарканд кооперативдик институтун аяктаган.1367056521_83953000-200x130

Ар башка жылдары ал Эсеп палатасынын төрагасы, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими жана Бажы инспекциясынын директору кызматтарын ээлеген.

Накен Касиев, Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору

Касиев 1970-жылы дарыгер адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган.zagruzhennoe-200x130

Касиев өз адистиги боюнча 30 жылдай иштеди. 70-жылдары Ош шаардык №1 ооруканасында практик дарыгер катары эмгек жолун баштаган.1991-жылы саламаттыкты сактоо министри кызматына чейин жеткен.

2000-жылдан 2009-жылга чейин административдик кызматтарда — алгач Ош облусунун губернатору, андан соң примьер-министридин аппарат жетекчиси болуп иштеген. Ал учурдагы кызматына 2013-жылдын март айында дайындалган.

Дүйшөнбек Зилалиев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору

Зилалиев 1995-жылы Түркия ИИМинин Анкара полиция академиясын аяктаган.

2004-жылдан 2009-жылга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитеттин жетекчиси, ошондой эле президенттин администрациясынын Коргоо жана коосуздук иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти кызматтарын ээлеп турган. 2011-жылы Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.cf5b8f89f9116f979e864f528c1b9aa0_500_0_0-200x130

2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин башчысы болгон.

Зилалиев учурдагы кызматы боюнча Kloop.kgге комментарий берип жатып мамгеология башчылыгына «коррупцияны жок кылуу» үчүн дайындалгандыгын билдирди.

«Мени бул нерселер менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы бар адам катары чакырышты — өз кезегинде Коргоо кеңешинин катчылыгы коррупцияга каршы аракет боюнча стратегияны иштеп чыгуучулардын башында турган», — деп түшүндүрдү ал.

Эгер сиз жогоруда аталган чиновниктердин бири болсоңуз анда учурдагы кызмат абалыңыз менен адистигиңиздин дал келбегендиги боюнча комментарий берүү үчүн биздин редакция менен байланышсаңыз болот. Биздин телефон: +996 773 018918, электрондук дарек: bektour@kloop.kg

Эгер сиздер чиновниктердин адистиги менен кызматынын дал келбегендиги боюнча башка мисалдарды билсеңиз жогоруда көрсөтүлгөн телефондор аркылуу же макаланын төмөн жагындагы пикир калтыруу бурчу аркылуу бизге кабарласаңыздар болот.

Автор: Карина Жолдошева