Кара-Суу: ички жолдор оңдоп-түзөөгө муктаж

3 (2)

Ош облусунун Кара-Суу районунда негизги жолдордун абалы жыл өткөн сайын жакшырып баратканы менен ички жолдорго жеткиликтүү көңүл бурулбай жатканын айтышат айдоочулар. Райондо жалпы 290 чакырым жол болсо, анын 25 чакырымы эл аралык Ош-Бишкек жолу, транспорт министрлигине караганы 35 чакырым, калган 230 чакырымы ички жолдор.

Айдоочу Каримжан Шоноев 20 жылдан бери Ош - Кара-Суу жолунда каттайт. Жолдордун жакшырышын ал өлкөнүн экономикасына байланыштырат. 1990-1995-жылдарга салыштырмалуу учурда жолдор бир топ эле жакшырганын айтат.

“Мен 1985-жылданбери айдоочу болуп иштеп келем. Негизги жолдор азыр салыштырмалуу жакшы. Асфальт төшөгөндө ныктап, талапка жооп бергидей кылып даярдап, андан кийин салып жатканы бизге пайда болду. Машинемди азыраак оңдотуп калдым. Мурда жолдорду толук оңдобостон, жамак кыла беришчү. Эми жолдор кеңейип жакшы боло баштады.  Ички жолдордо көңүл бөлүнбөй жатканы - машинелердин  аз жүргөнүндө”,-дейт Каримжан Шоноев.

Учурда Кара-Суу районундагы  Жаңы-Арык – Таш-Арык жолунун бир чакырым аралыгы капиталдык ремонт кылынып  жатат
Учурда Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык – Таш-Арык жолунун бир чакырым аралыгы капиталдык ремонт кылынып жатат

Кара-Суу райондук жол башкармалыгынын  инженери Үсөн Ражапов жылдан-жылга жол оңдоого каржылоо убагында берилбей жатканын айтат.

“Өкмөттөн ар жылы ар кандай суммада каражат бөлүнөт. 2008-жылы  24 млн сом, 2010-жылы 30 млн сом бөлүнгөн. Ал эми быйыл 48 млн сом бөлүнгөнү менен жыл башынан бери 10 млн сомду гана өздөштүрдүк.

Быйыл пландуу оңдоп-түзөөгө 8 млн сом ажыратылган. Анын 4 млн сомун Өкмөт бөлүп берип, иштеттик”,-дейт инженер Ү.Ражапов.

Жол кызматкерлери болсо жамактан тажашканын, жылдан-жылга чуңкур, тешиктер чоңоюп баратканын айтышат.

Абдибали Адышов 35 жылдан бери жол кызматкери болуп иштейт. Анын белгилешинче, ички жолдорго да көңүл бөлүш керек.

“Негизги жолду эле эмес, айыл ичиндеги жолдорду да оңдосо болмок. Ички жолдорго каржы аз жумшалат. Жылда эле жамоо иштери болот. Биз жамак жамагандан тажайбыз”,-дейт Адишов.

Адишовдин пикиринде, Кыргызстан тынч болсо, экономика өнүгөт. Өнүгүнүн арты менен жумуш орундары пайда болот, жолдор жакшырат.

“Жолду оңдоого ички инвестиция тартылбай жатат. Жергиликтүү казынадан акча бөлүнбөйт экен. Өкмөт  болсо негизги жолго гана көнүл бурат”,- деди бригадир А.Адишов.

Жүргүнчү Гүлмира Каримованын айтымында жолдор капиталдык ремонттон өткөнү менен талапка жооп бербегендиктен, тез эле бузулуп жатат дейт.

“Толук капиталдык ремонттон өттү делген жолдор деле бир-эки жылдан кийин жарылып, чуңкур боло баштайт. Асфальтка битум, смола аз кошуп, ошондон тез жарылып кетет дешет”,-деди жүргүнчү Г. Каримова.

Адистер жолдор стандартка дал келтирилип курулуп жатканын белгилейт.

“Асфальт 2 катмар  ташталат. Жалпы 9 см болот: биринчиси 5 см, экинчиси 4 см болот. Өкмөттүк эксперттер текшерип, талапка жооп берсе гана кабыл алат.Асфальт төшөө апрель-май айларында башталат. Кеч күздө аба-ырайына карап токтотобуз”,-деди  Кара-Суу райондук жол башкармалыгынын  жетекчиси Адиш Камилов.

Ички жолдорго мезгил-мезгили менен жамак иштери жүргүзүлүп турат
Ички жолдорго мезгил-мезгили менен жамак иштери жүргүзүлүп турат

Ал эми жол куруу ишканасынын бригадири Абдибали Адышовдун белгилешинче, жолдун бузулуусуна салмагы оор жүк ташуучу машиналардын өтүп жатканы.

“Асфальт талапка жооп берет. Азыркы жолдор 30 тоннага ылайыкташтырылган. Андан жогорку салмак болсо асфальт жарылып кетет. Кытайдын жүк ташуучу машинелерин 40-60 тоннасын текшерүдөн 20-30 тонна деп өткөзүп жатышат. Камаздар жолду жарып, сапатын начарлатып жатат. Союз убагында жолдор 20 тоннага ылайыкталып курулчу. Эң оор жүк ташуучу машинелер “Крайслер”болчу. Алар болгону 10-16 тонна жүк (алма, көмүр) ташуучу”,-дейт А.Адишов.

Учурда Кара-Суу районундагы  Жаңы-Арык – Таш-Арык жолунун бир чакырым аралыгы капиталдык ремонт кылынып  жатат.

Кара-Суу районунда жалпы 290 чакырым жол бар.  Анын 25 чакырымы эл аралык Ош-Бишкек жолу. Транспорт министрлигине караганы 35 чакырым. Калган 230 чакырымы ички жолдор.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева