Президент Алмазбек Атамбаев «Сүркордук ишмердүүлүктү чектөө жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Мындан ары кичи насыя берүүчү компаниялардын, күрөөканалардын жана сүткордук менен алектенген жеке тараптардын ишмердүүлүктөрүн Кыргызстандын Улуттук банкы жөнгө салат.
Жаңы мыйзамга ылайык, кичи насыя берүүчү компаниялар тарабынан кардарга сунуштала турган насыянын эң жогорку пайызы Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.
Ошондой эле мыйзам боюнча, кардардын милдеттенмелерден баш тартышы жана күрөөгө коюлган мүлктөрдү конфискация катары алуу маселелери соттук негизде гана чечилет.
Мыйзамдын демилгечиси жана автору, парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2013-жылдын июнунда Кыргызстанда кичи насыя берүүчү компаниялар «чаржайыт» иштеп жаткандыгын айткан.
«Кичи насыя берүүчү компаниялар ачык-айкын эмес иштеп жатышат жана чындыгында мамлекеттин, Улуттук банктын көзөмөлүнөн сырт көмүскө банк структураларына айланып калышты» — деп жазган «24» маалымат агенттиги Текебаевдин айткандарын.
Улуттук банктын басма сөз кызматынан сүткордук ишмердүүлүк маселеси боюнча компетенттүү адистердин жоктугун айтышып, «Kloop.kgнин» журналистинин суроолоруна жооп бере алышкан жок.
Кичи насыя берүүчү «Бай-Түшүм» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери «Kloop.kgге» берген маегинде жаңы мыйзам сүткорлордун ишмердүүлүгүн жөнгө сала албай тургандыгын билдирди.
«Биз президент бул документке кол койбойт деп үмүттөнүп жатканбыз, анткени чындыгында документ сүткорлордун ишмердүүлүктөрүн жөнгө салбайт, ал каржы-насыя институттар боюнча чендерди жөнгө салат, а сүткорлор мурункудай бойдон калышат», — деди ал.
Кыргызстандагы ири кичи насыя берүүчү «Мөл Булак Финанс», «Финка» жана «Компаньон» компанияларынын өкүлдөрү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы боюнча эч кандай комментарий беришкен жок.
Улуттук банктын расмий сайтындагы маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 225 кичи насыя берүүчү уюм катталган.
«Көмүскө экономикага кетип калышат»
Борборазиялык эркин рынок институнунун талдоочусу Эсен Жуманов түшүндүргөндөй, кичи насыя берүүчү компаниялар буга чейин пайыздык өлчөмдөрүн өз алдынча белгилеп келишкен.
«Эгер буга чейин компанияларды пайыздык жактан эч ким чектеген эмес болсо азыр белгилүү бир чектөөлөр бар. Эми кичи насыя берүүчү компаниялар 40 пайыздан беришет. Тактап айтканда, ал жакта Улуттук банк белгилеген 15 пайыздык орточо чен бар, ал эми кичи насыя берүүчү компаниялар анын үстүнө дагы 15 пайыздан жогору эмес кошо алышат», — деп түшүндүрдү Жуманов.
Ал жаңы мыйзамдын киргизилиши менен кичи насыя берүүчү компаниялар «көмүскөгө кетип калат» деп эсептейт.
«Зыяндуу жактарынын бири — көмүскө экономикага кетип калышында жана пайыздарын жогорураак кылып бере турган жаңы сүткор конторалардын пайда болушунда. Эгер пайыздык чендин жогорку чеги азайса кичи насыя берүүчү компаниялар чыгымдарынын көп болушуна жол беришпейт. Алар чыгымдарын кыскарта башташат. Эгер бизде банктар негизинен шаарларда, облус борборлорунда жайгашкан болсо, кичи каржылоо компаниялар аймактарга, алыскы айылдарга тереңдеп киришкен», — деп эсептейт талдоочу.
Кичи насыя берүүчү уюмдарга каршы өткөн нааразычылык акциялар
2012-жылдын жай айларында Бишкек менен Ошто кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүктөрүнө каршы бир канча жолу нааразычылык акциялары өткөн. Кыргызстандын ири кичи насыя берүүчү компанияларынын кардарлары алардын пайыздык өлчөмдөрү өтө эле жогору экенин айтышып, Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөткө арызданышкан.
Анда нааразычылык акциясынын катышуучулары насыяны келишимдерди окубастан эле алгандыктарын, андан соң пайыздык өлчөмү жогору болгондуктан төлөй албай калгандыктарын билдиришкен.
«Кичи насыя берүүчү компаниялар акчаны процентке бере башташты, алардын пайызы өтө эле жогору: расмий пайызы жылына 85 пайызга чейин жетет», — деп билдирген анда нааразы болгондордун бири Кубат Токсобаев «Клоопко».
Андагы чыр-чатактардын бири «Мөл Булак Финанстын» эпке келип, бир катар кардарларынын карыздарын кечиши менен аяктаган.
Автор: Карина Жолдошева
Редактор: Улугбек Акишев
Сүрөттө 2012-жылы кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүктөрүнө каршы өткөн митинг