Кыргызстандан барган ырчы Айбек Бакытбеков 23-июлдан 28-июлга чейин Юрмалада өткөн «Жаңы толкун 2013» фестивалында 15 катышуучунун ичинен 12-орунга ээ болду. Негизги байге кубалык Роберто Кель Торреске ыйгарылды.
Юрмаладагы популярдуу музыка аткаруу боюнча жаш ырчылардын «Жаңы толкун 2013» фестивалында Кыргызстандын атынан катышкан Бакытбеков 15 ырчынын ичинен 12 орунга ээ болду.
50 миң евролук негизги байге менен биринчи орунду Кубадан барган ырчы Роберто Кель Торрес алды.
Бакытбеков үч күндүк сынакта жалпысынан 329 упай алды, бул сынактын жеңүүчүсүнүн упайынан 28 упайга аз.
Германиянын өкүлү Линда Теодосью кыргызстандыктан эки упайга көп алып 11-орунга ээ болду.
Бактыбековдон бир упай аз алган украиналык ырчы Ольга Диброва 328 упайы менен 13-орунда калды.
Үч күндүк сынакта кыргыз ырчысы рейтингдин ортосунда – 7-9-орундарда болуп келген.
24-июлдагы алгачкы сынак күнүндө ал Джордж Бенсондун «Nothing gonna change my love for you» деген дүйнөлүк хит ырын аткарып, катышуучулардын рейтингинде 109 упайы менен тогузунчу орунга ээ болгон.
Экинчи күнү Бакытбеков Оштон чыккан украиналык Джамал деген ырчы кыз менен «Smile» аттуу ырды бирге аткарды.
Сынактын акыркы үчүнчү күнү жаңы ырларга арналды, анда кыргызстандык кыргыз тилинде «Махабатым» деген ырды ырдады.
«Жаңы Толкун» фестивалы — бул популярдуу музыка аткаруу боюнча жаш аткаруучулардын эл аралык сынагы. Ал 12 жылдан бери Балтика деңизинин Латвия жээгиндеги Юрмала шаарында өтүп келет.
Жыл сайын 16 өлкөдөн барган катышуучулар 3 күнгө созулган сынакта ырдоо өнөрү боюнча 50 миң евролук негизги байге үчүн ат салышышат.
«Кыргызстан – артта калган өлкө»
25-июнда pipezzz аттуу колдонуучу Бакытбековдун «Микс-ТВ» телеканалына берген маегинде Кыргызстанды «артта калган өлкө» деп атагандыгы тартылган видеону «Билайв» видеоплатформасына жайгаштырган.
Кыргыз ырчысынын ал маеги социалдык түйүндөрдө кыжырдануулардын толкунун жараткан.
«Билайвдын» колдонуучулары Бакытбековду кемсинтишип, аны “персона нон-грата” деп атоо керектигинин жазып коркутушкан.
«Жириновскийди эмес мына ушуну “персона нон-грата” деп аташ керек. Эси жок!!!», — деп жазган jacktanya деген колдонуучу.
Активист Айбек Баратов Бакытбеков аң-сезиминин тардыгы менен Кыргызстандын беделин кетирди деп эсептейт.
«Сен менин ысымымдын абийирин кетирдиң! Кээ бир адамдардын артта калган, тар ой-жүгүртүүсүнөн улам республиканын беделине зыян келип жаткандыгы өкүнөрлүк. Сен мунуңду эми көпкө чейин кетире албайсың… Өкүнчтүү!», — деп жазган Баратов видеонун алдындагы пикир калтыруу бурчуна.
Тетешка Восьмеркин аттуу колдонуучу Бакытбековдун «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жаман сөздөрдү жазган, өз кезегинде кыргыз ырчысы ага жооп катары видео аркылуу өз сөздөрү үчүн кечирим сураган.
Бакытбеков маегиндеги айткандарын өлкөлөрдү чүчүкулак аркылуу аныктап жатканда «катуу толкундангандыгы» менен түшүндүргөн.
«Маегимдеги ал катаны оңдоп коюууларын өтүнгөм. Эгер сырттан карасак, өлкөнүн атынан чыгып жатып мындай сөздөрдү айтып, өз беделимди түшүрүп эмне кылам. Бул мага керекпи? Мен өз ата мекеним жөнүндө жаман айтпайт да болчумун», — деп жазган Бакытбекова.
Автор: Айдай Токоева
Сүрөт Айбек Баратовдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды