Кыргызстан электрондук визаларды киргизет

Президент Алмазбек Атамбаев «Сырткы миграция жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген толуктоолорго кол койду, ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар эми Кыргызстандын аймагына визаларды Интернеттен эле электрондук түрдө алып кире алышат.

Жаңы мыйзамга ылайык, Кыргызстанга кирүүгө виза зарыл болгон чет элдик жарандар аны өлкөнүн жакынкы элчилигине кайрылып отурбастан эле Интернет аркылуу ала алышат.

Президент Атамбаевдин сайтында мыйзамдын жаңы версиясы «виза режимин либерализациялоо» үчүн кабыл алынгандыгы жазылган.

Ошентип Кыргызстан мындай норма иштей турган аймактагы алгачкы өлкө болуп калат.

Азырынча электрондук визалардын кайсыл убактан баштап бериле баштаары белгисиз, бирок Кыргызстандын өкмөтү аларды берүүнүн жол жобосу иштелип чыгып, бекитилгендигин жана бул тууралуу маалымат өкмөттүн расмий сайтына жарыяланарын билдирди.

Жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү

Жаңы тартиптерди иштеп чыгууга катышкан талдоочу Искендер Шаршеев электрондук виза берүү эрежеси биринчи кезекте Кыргызстанга кирүү үчүн виза керек болгон, бирок консулдук кызматка жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн жарандары үчүн киргизилгендигин айтты.

«Биздин өлкө менен визалык режимдеги өлкөлөрдүн жарандары өтө көп ыңгайсыздыктарга кабылышат. Аларга Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү консулдук борборлорун издеп, мейманканаларга акча коротуп, документтерди топтоштургандыгы үчүн акча, убакыт коротууга туура келет», — деп түшүндүрдү Шаршеев.

Анын пикири боюнча, бул ыңгайсыздыктар туристтер менен инвесторлордун агымына азыркы тапта да тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Мезгилдин өтүшү менен Кыргызстандын кагаз визалары жокко чыгышы мүмкүн.
Мезгилдин өтүшү менен Кыргызстандын кагаз визалары жокко чыгышы мүмкүн.

«Электрондук виза системасы виза берүүнүн жол-жоболорун кыйла жөнөкөйлөштүрүп, чет элдиктердин бир топ акчасын үнөмдөйт, анткени аларга Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесин издөөгө убакыт, акча коротпой эле сайтка кирип бардык документтерин сканерлөө гана жетиштүү болот», — дейт Шаршеев.

Айтымында, арыз жазылгандан кийин документтерди иштеп чыгып даярдоого бир күндөн үч күнгө чейинки убакыт талап кылынат.

Визасыз режим

Бул чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын алгачкы кадамы эмес — 2012-жылдын июнунда өлкө 44 мамлекеттин – АКШ, Европа биримдигинин жана бир нече өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим киргизген.

Анда Кыргызстандын бийлиги ал аракетин туризмдин өнүгүшү жана инвестициялык чөйрөнүн жакшыруусу үчүн жасалып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Бирок бул жаңы эрежени бардыгы эле колдогон эмес — тышкы иштер министрлиги консулдук жыйымдардын жоктугунан өлкө жылына жүздөгөн миллион сом жогото тургандыгын айтып, каршы  чыгып келген.

Кыргызстанга ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн бардыгынын жарандары да визасыз кире алышат.

Автор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев