Ош: 30 студент курулуш отрядында иштеп жатат

Курулуш отрядындагы Алтынбек Бакиров

4

Жайкы каникулда Оштогу студенттер курулуш отрядында иштеп, каражат табууда. Алар Ак-Тилек кичи районундагы тогуз кабаттуу үйдүн курулушуна кол кабыш кылууда.

 Алтынбек Бакиров Жалал-Абад облусунун тургуну. Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде 4-курста окуйт. Ал жайкысын бош журбөй, курулуш отрядына кошулган.

Курулуш отрядындагы Алтынбек Бакиров
Курулуш отрядындагы Алтынбек Бакиров

“Бул жумушту Жаштар комитети аркылуу таптым. Каникул убагында иштеп, окуума акча табышым керек. Ата-энем айылда. Аларга окуу контрагым оор түшпөсүн деп иштеп жатам. Шаарда эжемдин үйүндө турам . Мурда да чет жакта курулушта иштегенмин.Өзүм иштеп, окуп, бутка турушум керек”,-деди Алтынбек.

Ал эми Төлөгөн Жайчыбеков  Ош технологиялык университетинин бажы иштери факультетинде 3-курста окуйт. Курулуш отрядына киргенине ынтызарлыгын билдирди.

Курулуш отрядындагы Төлөгөн Жайчыбеков
Курулуш отрядындагы Төлөгөн Жайчыбеков

“Бул жумушка быйыл келдим. Окуу акысын төлөө үчүн бош убактымды бекер өткөзбөй иштеп жатам”,-дейт Төлөгөн Жайчыбеков.

Ош шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев былтыр курулуш отрядында 60ка жакын студент улан-кыздар иштегенгендигин белгилейт. Бул жылы жаштардын саны дагы көп.

“Бул иш-чаранын негизги максаты - жаштар убактысын  бош өткөрбөй, окуу келишим акысын өздөрүү төлөп, бутка туруусуна колдоо көрсөтүү. Быйылкы жылы да 100дөй студент келген. 30у жумуш менен камсыз кылынды”,- дейт С.Жунусбаев.

Курулуш отрядына келген 100дөй студенттин 30у жумуш менен камсыз кылынды
Курулуш отрядына келген 100дөй студенттин 30у жумуш менен камсыз кылынды

Курулуш отрядына келгендер көп кабатту үй куруучу компаниялар менен келишимдик негизде иштешет. Жаштар комитети бул студенттердин укугу бузулса, укуктук жактан жардам берерин айтты Сонунбек мырза.

“Жумушчулардын тамак-ашын, жатаканасын  иштеткен компания берет. Студенттер иштегенине жараша акча алышат.Саатыны 100 сомдон, бир суткада 10 саат иштесе 1000 сом алат. Студенттердин арасында кыздар да бар. Алар айнек-терезе жууйт”,-дейт Сонунбек Жунусбаев.

Курулуш отрядынын бригадири Максат Субанов бул жаатта тажрыйбасы мол.

“Союз убагында  курулуш отряддары болгон. Ошол убакта студенттер да иштеген. Курулушка СССРдин ар тарабына жөнөтүлгөн. Анда мен Кыргызстандын ичинде эле иштегенмин. 1990-жылда СССР ыдырагандан кийин Россиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштегенмин”,-дейт бригадир Максат Субанов.

Студенттер Ак-Тилек кичи районундагы тогуз кабаттуу үйдүн курулушуна кол кабыш кылууда
Студенттер Ак-Тилек кичи районундагы тогуз кабаттуу үйдүн курулушуна кол кабыш кылууда

Учурда студентик курулуш отряды Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы (мурдагы Черемушки) тогуз кабаттуу үй курулушунда иштеп  жатышат.

Жакын ортодо Ленин жана А.Масалиев көчөсүн бириктирген эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштерине да студенттер тартылаарын билдирди Сонунбек Жунусбаев.

Студенттердин курулуш отряды 2012-жылы Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, быйыл да иштеп жатат.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева