Түлеевге карата 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды

IMG_6008

Парламент депутаты Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деп табылып күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле Түлеев менен бирге иштеген мэриянын бир нече мурунку чиновниктери да ар түрдүү мөөнөттөргө кесилишти.

Түлеев 2000-жылдардын аягында, Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытай автобустарын сатууда алдамчылыктарга барып мамлекетке зыян келтирүүгө күнөөлүү деп табылды.

Ага карата Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Түлеевдин өзү болсо тагылган күнөөлөрдүн бардыгын тең четке кагып, процессти саясий буйрутма деп эсептеп жатат.

«Мен албетте муну саясий буйрутма деп ойлоп атам. Менде учурда өкмөттө иштеп жаткан адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн бардыгы бар. Алардын аты-жөндөрү ал тизмеде болот. Ошондой эле ким кимге кандай тапшырма бергендигин айтып жаткан прокуратура кызматкерлеринин сүйлөшкөн сөздөрү бар. Убакыт келгенде анын бардыгын ачыкка чыгарабыз», — деди ал өкүм чыгарылгандан кийин.

Ал өкүм чыгарылаардын алдындагы акыркы сөзүндө прокуратура кытай автобустарын сатып алууда борбордун бюджетине зыян келтирилгендигин ырастай турган документтерди дагы деле көрсөтө албагандыгын айтты.

«Алар документтерди биз түздөн-түз кызматташкан компаниядан эмес автобустарды чыгарган заводдон алып келишкен. Автобустарды алгач шаардык бюджеттин, андан кийин эки жолу демөөрчүлөрдүн гранттык каражаттарына сатып алганбыз», – деди Түлеев.

Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев.
Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев.

Бирок Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, экс-мэр Кытайдан 200 автобусту жогорулатылган баада сатып алган.

Түлеевден башка аны менен бирге мэрияда иштеген дагы бир нече чиновникке карата да өкүм чыгарылды.

  • Муниципалдык «Тазалык» ишканасынын директорунун мурунку милдетин аткаруучусу Бакыт Сыдыков үй-мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 5 жылга эркинен ажыратылды;
  • Мэриянын алдындагы унаа транспорт ишканасынын мурунку директору Медет Кожобергенов мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 13 жылга кесилди;
  • мурунку вице-мэр Валерий Корниенко үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратылды;
  • муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Руслан Бейшенбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Түлеев бүгүн чыгарылган өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко даттануу арызы менен кайрылаарын билдирди.

Ал 2012-жылдын жайында кармалган жана бир жылдан ашык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиеттин тергөө абагында камакта жатты.

Ал 2010-жылдагы революциядан кийин Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошоп, бир канча убакыт саясаттан кеткен, бирок көп өтпөй эле учурдагы оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты болуп кайтып келген.

Авторлор: Бектур Искендер, Эльдияр Арыкбаев, Хлоя Гейне жана Айкерим Молдалиева