Интернет оюндардын балдарга пайда-зыяны

 

2ф

Компьютердик оюндардын терс таасири көп экендигин психологдор айтып келишет. Анткен менен, балдарды компьютердик оюндардан такыр эле чектеп коюу мүмкүн эместигин белгилешет ата-энелер.

 

Ош шаарынын 8 жаштагы жашоочусу Бекболот 2-классты аяктады. Ал интернет-клубга күнүгө эмес, күн арада барат.

«Үйдө өзүм жалгыз ойноп зээригем. Ошон үчүн бул жакка келем. Ар түрдүү оюдарды ойнойм. Автожарыш, атышуу оюндары мага жагат. Атам  акчаны бир нерсе алып же деп берет. Бирок, мен аны интернет оюндары үчүн иштетем”,- дейт Бекболот.

Ал эми 10-класста окуган Жакшылык  интернеттен өзүнө  пайдалуу нерселерди аларын айтат.

“Интернеттин жакшы жагы да бар, китептерди, маалыматтарды окуса болот. Керектүү нерсени издеп калсам, интернеттен таап окуй коем”,- дейт  Жакшылык.

Интернеттеги зордук-зомбулук жөнүндөгү оюндар балага терс таасирин тийгизет дейт психологдор
Интернеттеги зордук-зомбулук жөнүндөгү оюндар балага терс таасирин тийгизет дейт психологдор

Психологдор  интернеттеги мыкаачылыкты көрсөткөн оюндар балдардын психологиясына терс таасирин тийгизерин белгилешет.

“Бул маселе глобалдуу десек да болот.Компьютеризация жана мобилизация жакшы. Бирок, балдарга интернеттин  пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Интернеттеги зордук-зомбулук жөнүндөгү оюндар балага терс таасирин тийгизет. Ошол менен катар эле баланын өсүүсүнө да зыяны бар. Азыр көп балдар таң атканча интернет оюндарында отурушат. Мындан баланын уйкусу бузулат. Уйкусу жакшы канбаган балада психологиялык агрессия пайда болот. Бала ата-энесине, жоро-жолдошторуна оройлугун көрсөтөт. Мына ошодон пикир келишпестиктер жаралат. Интернет оюндар балдарда стресс, депрессия, нерв ооруларын  пайда кылат”,- дейт  психолог Эмил Сагынбаев.

Анткен менен баланы интернеттен биротоло чектеп коюу болбостугун белгиледи эки баланын апасы Гүлназ Атантаева.

“Заманга жараша оюдардын түрү да көбөйүп баратат. Менин балам да интернет оюндарын ойнойт. Мен тынчсызданам, балама жаман оюндар терс таасирин тийгизип коебу деп. Бирок  ойнобо деп такыр чектеп да кое албайм. Чектесең балдардын арасынан бөлүнүп калат. Балдардын сүйлөшкөндөрү көбүрөөк ошол оюндар жөнүндө болот. Ар бир нерсенин өз чеги менен болгону дурус. Мен компьютердик оюдардан мыкаачылык менен коштолгондорун чектеп турам. Акылды, ойломду өстүрө турган оюндар болсо, күндө жарым саат же бир саат ойносо болот”-, дейт Гүлназ айым.

2007-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жашы жете элек балдарды сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алганын, бирок, бул токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет жана Башмыйзамга каршы келет деп каттабай койгондугун “Азаттык” маалымдаган.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева