Түлеевге карата чыгарылган өкүм: Депутат менен анын жакындарынын кайсыл мүлктөрү конфискацияланат

Бишкектин Ленин райондук соту парламент депутаты Нариман Түлеев менен ал Бишкектин мэри болуп турган кезде бирге иштешкен жакындарына карата өкүм чыгарды. Канча жылдык мөөнөт берилди жана алардан кайсыл мүлктөрү мамлекеттин пайдасына чегерилет?

Түлеев менен анын жакындарына чыгарылган өкүм тууралуу кененирээк

Нариман Түлеев

Бишкектин мурунку мэри катаал режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратылды. Ленин райондук соту ошондой эле андан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына чегерүү өкүмүн чыгарды:ik-crash

  • Түлеев жана анын туугандары – бир тууганы Нарынбек менен кызы Назгүлгө таандык «Ак Жол» камсыздандыруу компаниясынын акцияларын;
  • Бардык банктык эсептерин;
  • 49 миллион 864 миң сом (Медет Кожобергенов менен бирге);
  • 10 миллион 806 миң сом (Корниенко, Бейшембаев, Токтобеков жана Сыдыковдор менен бирге);

Андан сырткары Түлеев менен анын туугандарынын бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө арест салынды.

Медет Кожобергенов

Бишкек автотранспорт ишканасынын мурунку башчысы эң узак мөөнөткө соттолду — ал катаал режимдеги абакка 13 жылга эркинен ажыратылды.

Андан ошондой эле төмөнкү мүлктөрүн конфискация кылуу өкүмү чыгарылды:

  • «Лексус LX» үлгүсүндөгү унаасын;
  • Бишкектин Абай көчөсүндөгү батирин;
  • Кустанайск көчөсүндө жайгашкан автобазадагы 14 даана станок жана жабдууларын;
  • 49 миллион 864 миң сом (Нариман Түлеев менен бирге)
  • 1 миллион 179 миң сом.

Валерий Корниенкоik-crash

Бишкектин мурунку вице-мэрине карата катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Аны менен катар андан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына чегерүү чечими кабыл алынды:

  • 10 миллион 806 миң сом (Түлеев, Бейшембаев, Токтобеков жана Сыдыковдор менен бирге);
  • 4 миллион 829 миң сом;
  • Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирин.

Руслан Бейшембаев

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурунку башчысы катаал режимдеги абакка 10 жылга кесилди. Сот ошондой эле андан төмөндөгү мүлктөрүн конфискация кылуу өкүмүн чыгарды:

  • 10 миллион 806 миң сом (Түлеев, Корниенко, Токтобеков жана Сыдыковдор менен бирге);
  • 4 миллион 829 миң сом;
  • Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жер тилкесин;
  • Бишкектин 12-кичи районундагы эки батирин.

Билимбек Токтобеков

Мэриянын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн мурунку башчысы катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратылды. Анын төмөнкү мүлктөрү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат:

  • 10 миллион 806 миң сом (Түлеев, Корниенко, Бейшембаев жана Сыдыковдор менен бирге);
  • 4 миллион 829 миң сом;

Бактыбек Сыдыков

Муниципалдык «Тазалык» ишканасынын мурунку директору катаал режимдеги абакка 5 жылга эркинен ажыратылды, анын төмөнкү мүлктөрү мамлекеттин пайдасына чегерилет:

  • 10 миллион 806 миң сом (Түлеев, Корниенко, Бейшембаев жана Токтобековдор менен бирге);
  • 4 миллион 829 миң сом.

Жогоруда айтылгандардын сырткары Ленин райондук соту тарабынан сот жообуна тартылгандардын бардыгы үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматты ээлөө укуктарынан ажырашты.

[1] — Юридика терминдеринин жыйындысында бирге төлөп берүү – бул бир нече адам биригип жалпы айып пулду кандай пропорцияда төлөөнү өзүлөрү чечет дегенди билдирет.

Автор: Айкерим Молдалиева