Орозо фитр берүүнүн шарттары

DSC_0109

Аалымдар кеңеши быйыл Ош шаарында  орозо фитрдин наркын  30 сомдон деп  кабыл алган. Фитрден түшкөн жалпы каражаттын 40%ы мусулмандар казынасына түшөт. Ал өлкө боюнча жакыр жашагандарга, медреседе тарбиялануучуларга таратылат. Ал эми калган  60%ы Ош шаардык казыятында калып, шаардагы жетим-жесир, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө  таратылат.

 

Ош шаарынын тургуну  Бектур Сагыналиевдин  үй-бүлөсүндө 3 жан бар. Ал бүгүн Имам Аль Бухари Алай мечитине атайын орозо фитр төлөгөнү келген.

“Биз үй-бүлөдө 3 кишибиз. Орозо фитрдин суммасы  ар бир жанга 30 сомдон дегенинен, 100 сом таштап кетип жатам. Эмнеге жумшаларына маани деле бербейм. Кайда жумшаса, өздөрүнүн иши.  Кудайдын алдында  мен милдетимен кутулдум”,-деди  Бектур мырза.

Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаевдин айтымында, фитрден топтолгон  акчанын  60%ы Ош шаарынын казыятында калат. Ал эми 40%ы  мусулмандар казынасын түшөт. Орозо фитрди төлөө  жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына карбайт дейт.

“Биздин Аалымдар кеңешинде быйылкы жылы орозо фитр үчүн  Ош шаарында 1,6 кило буудай, же  анын наркы 30 сом деп чечтик.  Бул базар баасына карап чечилет.  Орозо фитрден түшкөн акчанын 40 %ы муфтиятка, мусулмандар казынасына берилет.  Диний казынага кайрылган бей-бечараларга, Кыргызстанга бүт таратылат. Ал эми 60%ы шаардык казыятта калат. Аны бизге кайрылган кедей-кембагалдарга, медреседе тарбияланып жаткандарга  таратабыз.  Орозо фитрди 30 күн  Орозо бүтүп, Айт намазы бүткөнгө чейин  бериш  керек”,-деди У.Сарыбаев.

Мечиттерде орозо фитр үчүн атайын үкөкчөлөр орнотулган
Мечиттерде орозо фитр үчүн атайын үкөкчөлөр орнотулган

Убайдулла  ажы фитрдин берүү себебин мындай түшүндүрдү:

“Эмне себептен орозо питир берилет?  Орозону жаап-ачканга чейин  адамдар көзү менен жаман нерсени көрөт.  Пендечилик кылып бирөөнүн көңүлүн оорутуп коет.  Буту  менен жаман жакка басышы мүмкүн. Орозодо кемчиликтери болсо, ошолорго кафарат (жазана)  катары берилет. Аллаху Таалам ыйык Курани карим китебинде минтип айтат.  “Эй Аллага ыйман келтирген пенделер, буйрук  болду, сиздерге орозо тутуу.  Сиздерден мурунку коомго  орозо тутуу парз болгондой эле,  сиздерге да орозо  парз болду.  Орозо тутуу ар бир мусулманга парз”,-дейт Ош шаарынын казысы У.Сарыбаев.

Ош шаарынын тургундары орозо фитрди  орозонун бүтүшүнө чейин берип жатышат.

“Мен орозо фитрди  балдарым, неберелерим үчүн баарына 30 сомдон мечитке алып келип бердим. Ал акчаны колунда жокторго, кедей-кембагалдарга,  жетим-жесирлерге берерин билем”,-деди шаар тургуну Акматали ава.

Шаар тургуну  Айжан Садык кызы ар бир мусулман өзүнүң парзын аткарыш керектигин айтат:

“Мен орозо фитрди Орозо аяктаганча берем деп жүрөм.  Мурда  көңүл бурчу эмес  экенмин.  Мусулманмын дегендин баары орозо фитр бериш керек деп ойлойм “,-деди Айжан Садык кызы.

Ош шаарында бейрасмий маалыматтар боюнча жарым миллионго жакын калк жашайт.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева