Тилеке баатыр эстелигин курчаган карагайлар кароого муктаж

 

IMG_2613 

40 градус болгон жай саратанда Алайдын Чыйырчык ашуусундагы Тилеке баатыр эстелигинин айланасындагы карагайлар сууга чаңкап турат.  

Алай районундагы Таш-Короо айылынын тургуну Ыса Качыбеков бала-чакасы менен жыл сайын Чыйырчык жайлоосуна чыгат. 86 жаштагы  Ыса аксакал Тилеке баатырдын эстелигине  көз салып турат. Ал зыярат кылып келген адамдар үчүн баатырдын арбагына «Куран» окуп, баатыр жөнүндө сурагандарга баяндап берет.

86 жаштагы  Ыса аксакал Тилеке баатырдын эстелигине  көз салып турат
86 жаштагы Ыса аксакал Тилеке баатырдын эстелигине көз салып турат

Тилеке баатыр жөнүндө эл оозунда ар түрдүү уламыштар айтылып жүрөт. Бизге Ыса Качыбеков эл оозунан укканын айтып берди.

"Мындан бир нече кылым мурда Тилеке деген баатыр жашаган. Ал баргы уруусунан болгон. Согуш учурунда  кытайдан кемпири экөө качып  келе жатып каза болот. Анын кемпири Кыңырык Чыйырчык ашуусунда  курман болуп, сөөгү ошол жерге эле коюлган. Тилеке баатыр андан алыс эмес жердеги Таш-Короодо курман болуп, сөөгү ошол айылга коюлган. Бир топ мезгил өткөндөн кийин сел-көчкү жүрүп, баатырдын мүрзөсү ачылып калат. Ошондо баатырдын урпактары демилге көтөрүп, сөөгүн Чыйырчыкка койдурган",- дейт Ыса аксакал.

Эстелик айланасына отургузулган карагайлар сууга чаңкап турат
Эстелик айланасына отургузулган карагайлар сууга чаңкап турат

Бул эстеликтин жака-белине көз салып турган Ыса аксакал мында отургузулган карагайларды суугаруу кыйындыгын белгилейт.

"Бул жерде бак суугарганга суу деле жок. Жогоруда булактан жылжып чыккан сууну адамдар, мал-жан ичет. Карагайларды суу ташыгыч машине менен ташып келип сугарат. Анткени менен, ал да кыйлада бир келет. Саратанда көчөттөрдү тез-тез сугарып туруу керек",- дейт  аксакал.

Тилеке баатыр жөнүндөгү маалымат тактай да жарактан чыккан
Тилеке баатыр жөнүндөгү маалымат тактай да жарактан чыккан

Бул жерге зыярат кылып келген Ош шаарынын тургуну Элиза Таштанова мында нике тоюн белгилегендер, ары-бери өткөндөр келип ичимдиктерди ичип, таштандыларды таштап кетип жатканына кейийт.

«Тилеке баатырдын эстелигинин айланасын тосмо менен тосуп, карагайларды тигишкен экен. Мунусу жакшы. Бирок, тарыхый жайларга көзөмөл кылыш керек. Арчалар куурап баратыптыр, ал жерге атайын кароол дайындап койсо, айлана-тегерегин таштандыдан тазалап, карап турса жакшы болмок»,- дейт Элиза айым.

2011-жылдын  23-июлунда Алайдын Чыйырчык ашуусундагы жол боюна Тилеке баатырдын эстелиги орнотулган. Анын  ачылуу салтанатына миңдеген кыргызстандыктар жана бир катар аткаминерлери катышкан.

Тилеке баатыр тууралуу Уикипедия ачык энциклопедиясында азын-оолак маалыматтар бар. (http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%A2%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D0%B5_%D0%B1%D0%B8%D0%B9)

Зыярат кылганы келгендер Тилеке баатыр жөнүндө билүүгө кызыгышат
Зыярат кылганы келгендер Тилеке баатыр жөнүндө билүүгө кызыгышат

Тилеке бий кыргыздын баргы уруусунун уруу башчысы. 1609-1610 жылы Чыгыш Түркстандагы Аксуу, Үч-Турпан шаарларын Ботокара бий менен биргеликте 5000 миң аскер менен талап тоногон.

Бирок, Тимур Султан баштаган могол аскерлери куугунтукка алганда, Ботокаранын аскерлерин таштап, бир жылгада, бекинип,салгылашуунун жүрүшүн байкап турган.

Ботокара баштаган 3000 аскер куугунчулар менен салгылашып, 2000 кыргыз жоокери курман болуп, Ботокара баштаган 1000 аскер колго түшкөн. Ошондон кийин, Тилеке бий курун мойнуна салып, Тимур султандан кечирим сурап, алдына келген. Тимур султан чоң атасы Мухаммед хандын өлгөнүн Тилеке бийден угуп, аларды коё берген.

Бул маалыматтар Махмуд Чорос жана Махмуд ибн Валинин эмгектеринде сакталып калган. Тилеке бий тууралуу маалымат башка эч бир тарыхый булакта кездешпейт.

IMG_2460

 

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева