Коомдук телерадиокорпорациясы Коомдук биринчи канал менен үч радиостанциясы кыргызстандык жана чет элдик интернет колдонуучулар үчүн онлайн берүүлөрүн баштагандыгын билдирди.
Инфраструктурасы жаңыланган соң чет элдик колдонуучулар үчүн КТРКнын телеканалы менен радиостанцияларынын онлайн берүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү артты.
Корпорациянын басма-сөз кызматынын маалыматы боюнча, КТРК эми контентинин онлайн берүүлөрүн жергиликтүү гана эмес орусиялык серверлер аркылуу да жүргүзөт, анын эсебинен чет элдик колдонуучулар үчүн сайттын жүктөлүш ылдамдыгы тездейт.
КТРК жүргүзгөн статистикага ылайык, колдонуучулардын көбү сайтка Орусия менен Казакстандан киришет, бул ал жактарда Кыргызстандан барган мигранттардын көптүгү менен түшүндүрүлөт.
КТРКнын негизги продуктусу болуп Коомдук биринчи канал, ошондой эле “Биринчи радио”, “Миң Кыял FM” жана “Кыргыз радиосу” радиостанциялары эсептелинет.
Корпорация тарабынан жасалган иш-аракеттердин жүрүшүндө уюлдук телефон менен пайдаланган колдонуучулар үчүн да телеканалдын жеткиликтүүлүгү артты.
КТРКдан билдиришкендей, колдонуучулар сайтка «Андроид» же iOs операциялык системасы бар смартфон, планшет компьтерлер аркылуу кирип, телепрограммаларды көрө алышат.
Бирок «Kloop.kgнин» кабарчысы «Андроид» операциялык системасында иштеген смартфон аркылуу ktrk.kg сайтына кирүүгө аракет кылганда веб-баракча өтө кеч ачылды, сыягы бул анда мультимедиялык материалдардын көптүгүнө байланыштуу болсо керек.
«КТРКнын сайты ар дайым аудиториясынын пикирин эске алуу менен толукталып турат. Бул аракеттер маалымат саясатынын айкындуулугун, контент материалдарда бардык тараптардын пикирине орун берилгендигин көрсөтөт», — деп жазылган корпорациянын билдирүүсүндө.
«Өкүмчүл коомчулук үчүн сабак»
Коомдук телерадиокорпорациясы активдеринин негизги үлүшү республиканын өкмөтүнө таандык болгон Кыргызстандагы эң ири медиакомпания болуп саналат.
«М-Вектор» консалтинг агенттигинин өткөн жылдагы отчетуна ылайык, Коомдук биринчи каналдын аудиториясы 1 миллион 300 миң көрүүчүнү түзгөн.
Телеканал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин статусун өзгөртүп коомдук канал болуп кайрадан негизделген.
Бирок статусу өзгөргөнү менен окуяларды объективдүү чагылдырбайт деп оппозициянын сынына кабылып келүүдө.
Алсак, оппозиция лидерлери «Ата-Журт» партиясынын депутаттарынын үстүнөн өтүп жаткан сот процесстери КТРК тарабынан объективдүү чагылдырылган жок деп анын журналисттерин айыпташкан.
Бирок КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин телеканал эл аралык онлайн берүүлөргө чыккандан кийин КТРКнын материалдары «Борбордук Азиянын өкүмчүл коомчулугу үчүн үлгү, сабак болот» деп эсептейт.
«Бирок ошол эле маалда анда белгилүү бир субъективдүү материалдар болушу мүмкүн. Анткени, суу ресурстары, чек ара көйгөйлөрү сыяктуу мамлекеттер аралык көйгөйлөр бар», – дейт Чоротегин.
Анын пикири менен КТРКнын Байкоочу кеңешинин башка мүчөсү, «Доор-медиа» фондунун директору Вячеслав Гончаров да макул.
«Мен кимдир бирөөнү алып туруп эле “жайлап салып”, экинчи тараптын пикирин эске албай койгон сюжет эсимде жок. Албетте, журналисттин профессионалдуулугу, операторлордун мыктылыгы боюнча талаш-тартышка түшсө болот. Бирок жогорудагы негизги принциптер сакталууда», – деп эсептейт ал.
Авторлор: Улугбек Акишев жана Карина Жолдошева